Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:18

Ирактагы шайлоо аяктаары менен БУУ, Евробиримдик, НАТО өңдүү абройлуу эларалык уюмдар Ирактагы реконструкция иштерине жардамын көбөйтө турганын жарыялашууда. Ал эми Вашингтон менен Лондон Ирак согушунун айынан пайда болгон жарылып-бөлүнүү жоюлуп, дүйнөлүк коомчулук Иракка жабыла көмөк көрсөтөт деген үмүтүн билдиришти. Бирок, коопсуздук жагдайындагы кырдаал Ирактагы саясий жана экономикалык кайра курууга бир топ жолтоо болчудай.

Жекшемби күнкү добуш берүүнүн соңку жыйынтыктары белгилүү болгучакты дагы далай бар. Бирок Ирак негизги эл аралык уюмдардын жардамына азыртадан эле үмүт кыла берсе болот.

БУУ, Европа биримдиги жана НАТО шайлоо легитимдүү болгонун баса белгилеп, Иракка көмөк берүү убадасын кайталашты. Миллиондогон долларлык акчалай жардамдан тышкары жаңы конституциянын долбоорун, коопсуздук кызматкерлерин жана сотторду даярдоого кол кабыш кылуу сунуш этилди.

Түндүк Альянс Багдадка 100 чакты жогорку офицерлерин жиберген. Бирок борбордон тышкаркы жерлерди машыктыруучулар менен камсыздоо коопсуздук кырдаалынан улам кыйын болууда. Уюмдун баш катчысы Яап де Хооп Схеффер дүйшөмбүдө ырастагандай:

Биздин миссиябыздын алагачкы баскычы ишке ашырылып жатат. Машыктыруу иштеринен сырткары биз Багдаддын жанында академия түзүүнү пландап жатабыз. Өлкөнүн ичиндеги машыгуулардан тышкары Ирактын аскерлери НАТОнун башка жерлердеги борборлорунда окуп, үйрөнүшөт. Бул иш шайлоодон кийин ыкчамдатылмакчы.

Улуттар уюмунун баш катчысы Кофи Аннан жылдын этегинде өтө турган референдумду өткөрүүгө жана жаңы конституцияны иштеп чыгууга жардамын сунуш этти. Ар кандай кол салуу, жардыруу жана барымтага алуу коркунучунан улам бул жолку шайлоого уюм чектелүү гана сандагы кызматкерлерин жибере алды.

Соңку 15 жылдын ичинде БУУ бир катар өлкөлөрдүн баш мыйзамын жазууга көмөктөшкөн. Ошол саясий жана юридикалык эксперттер тобу эми Иракка да жиберилиши мүмкүн.

Жекшембиде шайланган Улуттук ассамблеянын мүчөлөрү жаңы конституцияны түзүшмөкчү. Күзүндө болсо баш мыйзам жалпы элдик референдумга коюлат.
БУУнун маалымат катчысы Фред Экхард эми уюм Ирактын жетекчилигинен тийиштүү кайрылууну күтүп жатат деди:

Биз өткөөл доорду башынан кечирип жаткан өлкөлөргө конституцияларын иштеп чыгууга жардам берип келатабыз. Коопсуздук кеңеши бизге ушундай укук берген. Биз саясий укуктар, адам укуктары өңдүү конституциянын ар бир аспекти боюнча кеңеш беребиз.

Былтыр июнь айында Коопсуздук кеңеши тарабынан кабыл алынган резолюция БУУнун кызматкерлерин коргоо үчүн Иракка эларалык күчтөрдү жиберүүгө үндөгөн. Бирок азырынча жалгыз гана Фижи коопсуздук аскерлеринен куралган чакан топ бөлүп берген.

Румыниянын БУУдагы элчиси Минеа Мотос “Азаттыктын” кабарчысына дүйшөмбүдө маалымдагандай, Бухарест өкмөтү БУУнун Ирактагы кызматкерлерин коргоо үчүн 100 кишилик контингент жиберүүгө даяр. Ушундай эле сунуш Грузиядан түштү. Тбилиси 1000 аскерден турган миссия жөнүндө сөз кылып жатат.

Анын аралыгында, Польша 2 миң 400 кишилик контингентинин санын айдын аягына чейин кыскартуу жөнүндө жарыялады. Жылдын этегинде болсо польшалык аскерлер Ирактан толугу менен чыгарылат деп болжолдонууда.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз өкүлү Ричард Баучер европалык өлкөлөрдөн ушундай радикалдуу өзгөрүүнү күтпөгөндүгүн билдирди. Вашингтон ирактык шайлоочулардын активдүү катышуусу эл аралык коомчулуктун колдоосун арттырууга өбөлгө түзөт деп үмүттөнгөн эле деп кошумчалады Баучер.

Европа комиссиясынын төрагасы Жозе Мануэль Баррозо быйыл Ирактагы реконструкция иштерине кошумча 260 миллион доллар бөлүнөт деп бышыктады. 22-февралда Евробиримдик Ирактын полиция кызматкерлерин машыктыруу планын бекитмекчи.
  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG