Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:44

ТАМЕКИ. ТАМЕКИ? ТАМЕКИ!


Шайлообек Дүйшеев, Бишкек Тамеки Кыргызстандын казынасына жылына 350 миллион сомго чейин каражат берип турат. Ошол эле убакта «Кыргызтамекиси» корпорациясынын жана «Реемтсма Кыргызстан» биргелешкен ишкана адистеринин билдирүүсүнө таянсак, контрабанда жолу менен биздин өлкөгө келген тамекиден эле Кыргызстандын казынасы жыл сайын 4 миллион долларга жакын каражаттан куржалак калууда.

Тамеки менен арактын көрнөк-жарнактарын көчө бойлорунда, көрүнөө жерлерде даңазалоо жагынан КМШ боюнча алдына ат салдырбай келаткан өлкөлөрдүн бири Кыргызстан дешет. КМШ өлкөлөрүнүн дээрлик бардыгында буга тыйуу салынса Кыргызстандын шаарларында «Марльборо» тамеки кутусунун жанында ат ойнотуп бараткан бараткан техастык жылкычы жигитти көчө сайын көрүүгө болот. Кыскасы, кыргыз өлкөсүндө заман шартына ылайык кудурети күчтүүлөрдүн колунда деп айтышат.Тамекини көчө бойлорунда ыгы жок даңазалоого Кыргызстанда тыйуу салса болобу деген суроо өткөн жылы Бишкек мэриясындагы бир жыйында
да козголгон.

Арстанбек Ногоев, Бишкек шаарынын вице-мэри:

- Тамеки менен аракты рекламалоого КМШ өлкөлөрүнүн ичинен бизде гана уруксат берилиптир.
Осмонакун Ибраимов, Кыргызстандын Мамлекеттик катчысы:

-- Уруксат берилген. Биз муну токтотолу деп ойлогонбуз, бирок, Танаев менен бул маселени сүйлөштүм, көрсө бул нукура экономикалык маселе экен.

Кыргызстанда тамеки менен аракты даңазалаган көрнөк-жарнактарга тыйуу салууга болбой тургандыгын ушинтип Мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов да танган эмес.

СССР куларга аз калган жылдары Кыргызстанда тамекинин дыйкандарга тийгизип аткан залалы тууралуу жергиликтүү басма сөздөрдө айрым маселелер мамлекеттик деңгээлге чейин көтөрүлгөн. Тамеки өстүргөн дыйкандардын маңдай тери акталбай келаткандыгы, тапкан пайдасынан көргөн азабы көп экендиги айтылган.

«Бопоросуң барбы?» аттуу рубрикабыздан

- Сиз, тамеки тартасызбы?

--Тартам.

-- Канча жыл болду?

- Онду бүткөндөн бери эле тартып жүрөм.

- Таштайын деген оюңуз барбы?

- Мурда жылына эки-үч ай таштап койчумун, азыр бир күнгө да таштай албай калдым.

- Күнүнө канча пачкадан тартасыз?

- Күнүгө бирден пачка тамеки тартам.

- Көбүнчө кандай тамеки тартасыз?

- «West» гана чегем.

- Канча сом?

- 20 сомдон…

- Күнүгө жыйырма сомдон?

- Күнүгө жыйырма сомдон,- дейт Рысбек аттуу маектешим.

- Сиз тамеки тартып көрдүңүз беле өмүрүңүздө?

- Бала кезде өзүмдөн улуу балдар, абалар үйрөтөбүз деп, аталарыбыздын махоркасын уурдап келип, гезитке ороп берип сордуруп көргөн. Соруп-соруп…анан башым айланып жыгылып калып… кусуп… Ошондон көңүлүм калып, таптакыр оозума алган жокмун. Азыр тамеки кармабайм ,- дейт Жогорку Кеңештин кызматкери Сүйүндүк Олжобаев.

* * *
- Касыке, сиз тамеки тарттыңыз беле?

- Жыйырма алты жыл тамеки тарттым.

-Анан кантип таштап койдуңуз?

-Ушу үч айга чейин кыйналып жүрдүм. Эми аны таштаганыма быйыл он төрт жылга чамалап калды,- дейт Жогорку Кеңештин бөлүм башчысы Касым Кушубеков.

* * *

Биз анан Бишкек шаарындагы төрөткананын врач гинекологу Бактыгүл Коңурбаевага кайрылдык:

-Бактыгүл айым, акыркы он жыл ичинде тамеки тарткандардын катарына кыргыздын кырчындай кыздары да кошулду. Бүгүн алтургай Кыргызстанда тамеки жыттанбаган мектептерди да табуу кыйын болуп калды дешет. Агай-эжейлерин көзгө илбестен чылым соруп турган мончоктой жаш кыздардын ден соолугуна тамекинин тийгизе турган залалы жөнүндө айта кетсеңиз?

-Тамеки тартуу айрыкча эртең эне болчу кыздарга аябагандай зыянын тийгизет. Ал эми боюнда бар аялзаты тарткан чылымдын кесепетинен түйүлдүк жакшылап өспөй калат.Бир мүчөсү кем,акыл-эси жок,жарым-жан балдардын төрөлүшүнө алып келет. Кыргыз коомчулугу мына ушул тамеки тартууга тыйуу салсак жакшы болот эле,- дейт бишкектик врач-гинеколог Бактыгүл Коңурбаева.

Кабарчыбыз Аида Касымалиева «Кыргыз тамекиси» корпорациясынын баш деректиринин 1-орунбасары Жаңыбай Жамшитов менен маектешип келген эле,анда кеп учугун мага жардамдашып аткан Аидага берейин.

А.Касымалиева:
-Жаңыбай Жамшитов мырза, «Кыргыз тамекиси» Кыргызстандын казынасына жылына канча каражат алып келүүдө?

Ж.Жамшитов:
- «Кыргыз тамекиси» уюштурулган жылы тамеки тармагынан мамлекеттин казынасына 50 миллион сом түшсө, 2003-жылы 480 миллион сом түшкөр. Ал эми 2004-жыл азыркы кезде такталып жатат.

- Сиздердин тармак республикадагы эң эски тармактардын бири. Бүгүнкү заманга ылайык тармак технологиялык жактан кандай мүмкүнчүлүктөргө жетише алдыңыздар?

- Эгер Советтер Союзу убагында чыпкасыз чылымдарга басым жасап келсек, азыр чет элдик инвесторлор аркылуу дүйнөдөгү эң кубаттуу деген жабдууларды апкелип, жогорку сапаттагы чыпкалуу чылым чыгарып атабыз. Мунун аркасы менен биз азыр өз товарыбызды Батыш Европага чейин экспорттоо мүмкүндүгүнө ээ болуудабыз.

- Айтсаңыз, тамеки өстүрүп келаткан дыйкандар менен мамилеңиздер кандай?

- Бир-эки жыл мурда тамеки өндүрүшү начарлап кеткен, биз анан жаңы багыттарды издеп, дыйкандар менен Кыргызстанда биринчи болуп 13 миң 998 келишим түздүк, Ушул келишимге ылайык тамекисин сапаттуу өстүргөн дыйкандарга бекер урук жана үстөксүз кредит берилет, тамекиси жакшы баа менен сатылып алынат. Мисалы, быйыл тамекинин баасынын биринчи сорту—27 сомдон, бул биздин оюбузча жаман баа эмес. Былтыркы жылы ушул мезгилге чейин дыйкандардан 6 миң 801 тонна тамеки сатып алсак, быйыл 9 миң 340 тонна тамеки сатылып алынды. Салыштырып караңыз? Кыргызстанда буудайдын бир килосу түштүктө 7-8 сом, ошол эле учурда тамекинин бир килосу 27 сом, демек 1 килограмм тамекиге 4 килограмм буудай сатып алса болот.

- Экспoрт-импорт маселеси сиздерде кандай?

- Биз өндүргөн тамекинин 90 пайызы чет өлкөлөргө, атап айтсак, Германияга чейин экспорттолот. Он пайызы бул жердеги жергиликтүү фабрикада иштетилет. Ал эми бизге Зимбабведен, Бразилиядан жана башка мамлекеттерден склет түрүндөгү тамекилердин түрү келет. Мындай тамекилер бизде өндүрүлбөйт.

- Инвестиция тартуу маселеси тууралуу айтсаңыз?

- Биздин башкы деректирибиз 1997-жылы Германияга барып, «Реемтсма» деген эң чоң фабриканы Кыргызстанга алып келди. Алар 60 миллион долларлык инвестиция жасады. Кыргыз эли ал үчүн же кредит төлөбөйбүз же башка нерселерди төлөбөйбүз. Азыр ошол инвестиция жылына 350 миллион сомго чейин казынага каражат берип турат.

- Аткезчилик менен алып келинген тамекилер кандай таасир этет?

- Аткезчилик менен тамекиден Кыргызстандын казынасына бир тыйын да пайда түшпөйт. Биздин маалымат боюнча жылына 100 миллион сомдук тамеки ушундай жол менен келет,- дейт баш деректирдин 1-орунбасары Жаңыбай Жамшитов.

Эми сөздү кабарчыбыз Замира Кожобаеванын маегине берели.

-Союз убагында Кыргызстан тамеки өндүрүү боюнча алдыңкы орундарда болучу. Азыр Кыргызстан боюнча Ош облусунда гана өндүрүлүүдө. Ош облустук мамлекеттик админстрациясынын «Агроөнүгүү» бөлүмүнүн башчысы Жуманазар Камаловдун айтымында, быйыл 16 миң тонна тамеки өндүрүлдү, бирок, бул мындан 15 жыл мурункуга салыштырганда дээрлик 10 эсеге аз. Анткени облуста Ноокат районунда гана өндүрүлүп жaтaт. Ал эми Кара-Суу, Өзгөн, Араван, Алай райондорунун дыйкандары тамеки өндүрүү дээрлик токтотушкан. Дыйкандар өндүрүлгөн тамекини сатууга мамлекет тарабынан эч кандай жардам жок экендигин айтып нааразы.

Биз сөзгө тарткан ноокаттык дыйкандар тамеки өндүрүүдөн да аны сатуу азап болгонун айтышты. Тамеки кабыл алчу фирмалар алардын жогорку сортунун 1 килосун -27 сомдон, 1-сортун- 25 сомдон, 2-сортун 20… андан ары 16…13…11 сом деп сортуна жараша кабыл алышат. Өзүн Майрам Карыбекова деп тааныштырган аял тамеки кабыл алуучу фирмалар жогорку же биринчи сортко деги эле тамеки кабыл албасын айтты.

-Биз жогорку сорт же биринчи сорт дегенди билбегенибизге канча болду. Жазы-жайы көргөн мээнетибиздин үзүрүн көрө элекпиз.25 сомдон алабыз деп келип эле бизди алдап, 3-4-сорт деп кыйнап салышат,-дейт Майрам.

Ал эми тамеки кабыл алуучу «Dubeq assorti» фирмасынын деректири Асан Момбеков буга дыйкандардын өздөрү күнөөлүү деген ойдо. Анткени алар жогорку сорт деп тапшырган тамеки көбүнчө төмөнкү сорттогу болуп чыгат. Мурда тамекиде иштегендер үчүн Союз убагында атайын компенсация төлөнүп келгендигин айтышат, азыр болсо анын бири жок деп муңканышат. Ушуга байланыштуу тамеки айдоого кызыккан дыйкандардын саны азайды.
* * *
Ырас, азырынча жакырчылык этек-жеңине жармашып, андан жалчыбай келаткан Кыргызстанга тамеки жаман пайда алып келбейт. Бирок, ошол эле учурда «Кыргыз тамекиси» корпорациясындагы «Реемтсма» биргелешкен ишкана адистеринин айтканына ынансак, аткезчилик менен келген тамекиден эле Кыргызстандын казынасы жыл сайын 4 миллионго жакын доллардан куржалак калып жатат.

XS
SM
MD
LG