Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:28

БОРБОР АЗИЯДА «БАРКЫТ ЫҢКЫЛАБЫ» КАЙТАЛАНАБЫ?


Эксперт-талдоочулардын айтымында, Борбор Азиянын авторитардык режими үчүн кыйын кезең башталууда. Оболу Грузиядагы, андан соң Украинадагы бийликти алмаштырган элдик кыймылдар Борбор Азияга да жетти. Мунун өзү “тукаба ынкылабы” жакынкы мезгилде Борбор Азияда кайталанышы мүмкүнбү деген суроо жаратат.

Парламенттик шайлоо Өзбекстанда жана Түркмөнстанда январь айында, ал эми Казакстанда былтыр сентябрда өттү. Шайлоо Кыргызстан менен Тажикстанда үстүбүздөгү айда болот. Шайлоо өнөктүгү, талдоочулардын айтышынча, мурдакы советтик республикаларда демократия жакшы телчиге элек экенин көрсөттү. Атап айтканда, бийликке сын пикир айткан талапкерлер жана оппозиция өкүлдөрү түрдүү айла-амалдар менен катталбады. Негизги оппозициячыл партияларга тыйуу салынды.

Бирок, Евро-америкалык “Чыгыш Батыш” институтунун эксперти Васил Худяктын боолголошунча, Борбор Азиядагы жагдай бийлик каалабаган жакка өзгөрүшү толук мүмкүн:

- Украинада же Грузияда болгон шайлоолор жана өзгөрүүлөр Борбор Азиядагы оппозициячыл же көз карандысыз күчтөргө чоң дем бергени талашсыз. Региондо, айрыкча, Кыргызстанда демократиячыл же бийликтен эркин күчтөрдүн кубаттана баштаганын күбөлөгөн далилдер көбөйүүдө.

Васил Худяктын байкашынча, Борбор Азиянын авторитардык бийликтери коркунучту сезишип, капкагы ачылбас үчүн аны бекем басууда.

- Бул өлкөлөрдүн жетекчилери же негизги өкмөттүк күчтөрү арасындагы тынчсыздануу өтө жогорку деңгээлге жетти. Алар кырдаал башкаруудан чыгып кетээрин, анын өнүгүшүн жөндөй же башкара албасын байкап туйушууда. Украина менен Грузияда өткөн окуялар аларга жакшы мисал болду.

Өзбекстандын жана Кыргызстандын жетекчилери “роза” жана “саргылт” түстүү революция тууралуу өз пикирлерин ачык айтышты. Президент Каримов өкмөттө Украинадагыдай ынкылапты болтурбай койгонго жетерлик кубаты бар экенин эскертти. Президент Акаевдин Москвада чыкчу “Независимая газета“ баскан интервьюсунда “баркыт ынкылабын” Кыргызстанда уюштуруу аракети жарандык согушка өтүп кетиши мүмкүн деп чочуйт.

Васил Худяктын боолгошунча, Тбилиси же Киевде болгон сыяктуу окуялар Борбор Азияда жакынкы мезгилде кайталанбайт. Бирок, ал Европа Биримдигин Борбор Азиядагы туруктуулукка жарандык коомдорду өнүктүрүү жана демократиянын тажрыйбасын жайылтуу аркылуу жардамдашууга зарыл деген санайт:

- Евробримдик Борбор Азия өлкөлөрү арасындагы кызматташууга чоң салым кошо алат. Себеби, Совет бирлиги кыйрагандан кийин алар өз ара ынтымагын жоготуп, бири бирине кас мамлекеттерге айланышканы жалпыга маалым. Евробримдик эски жоолорду элдештирүүгө дарамети жетет. Алсак, Германия жана Франциянын бирдиктүү блокко кошулуусу, Борбор Азия үчүн атаандаштыктан кызматташууга өтүүнүн мыкты үлгүсү болушу ыктымал.

Борбор Азия боюнча экинчи бир эксперт Алекс Ватанка Украиана жана Грузияда болгон окуялар Борбор Азияда толук кайталанат дегенден этият. Алекс Ватанка- Лондондогу «Jane» стратегиялык изилдөөлөр борборунун талдоочусу. Анын баамында, Борбор Азия лидерлери эл козголгон туштагы Украинанын президенти Леонид Кучма жана Грузиянын президенти Эдуард Шеварднадзеге караганда “ээрде бекем”отурушат жана төбөлдөр али жиктешип бөлүнө элек:

– Баса көрсөтчү бир нерсе, Грузия жана Украинадагы режимдин кулашында башкаруучу элитанын катарындагы ыркы жоктук маанилүү ролду ойноду. Натыйжада, бир тарап демократиялык жол менен президентке каршы турду деп айтаар элем.

Эксперт Грузия жана Украинадагы демократиялык күчтөрдүн ийгилигине анын катарындагы мурдакы мартабалуу бийлик адамдарынын жоон тобу бараандуу салым кошконун баса белгилеп, Борбор Азия өлкөлөрүндө бийликтеги элита азырынча жаат-жаатка бөлүнө элегин айтат:

- Борбор Азия мамлекеттеринде элитанын катарында буга окшогон жиктешүү боло элек.
XS
SM
MD
LG