Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:37

АКШнын мурдагы президенти Билл Клинтон БУУнун өкүлү болуп дайындалды


Ал БУУнун атайын өкүлү катары Түштүк –Чыгыш Азияда цунамиден жабыр тарткан өлкөлөргө жардам көргөзүү иштерине жетекчилик кылмакчы. Кофи Аннандын басма сөз катчысынын айтымында, БУУнун башкатчысы Клинтондун талапкерлигине токтолуу менен бул иштин олуттуулугун көргөзүүдө. Клинтон ошондой эле цунамге кабылган өлкөлөрдүн экөөсү - Индонезия менен Шри - Ланканда узактан бери созулган этникалык чатактарды жөнгө салууга да ортомчулук кылмакчы.

АКШнын президенти Жорж Буш мурдарак Клинтонго жана өз атасы улуу Жорж Бушка цунамиге кабылган өлкөлөр үчүн АКШда жеке сектордон каражат чогултуучу фондду жетектөөнү тапшырган. АКШнын мурдагы эки президенти жаратылыш кырсыгына кбылган чөлкөмөгө ушул айдын соңунда барышмакчы.

XS
SM
MD
LG