Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:37

ЧЕТ ЭЛДИК МЕРГЕНЧИЛЕРГЕ УРУКСАТ БЕРИЛДИ


Кабыл Макеш,Бишкек Кыргызстанда 1- февралдан тартып жергиликтүү мергенчилерге аңчылык кылууга убактылуу тыюу салынды. Ал эми чет өлкөлүк мергендер үчүн кыргыз жергесинде аңчылыкка 5- январдан 1- мартка чейин гана жол ачык. Бирок өлкөдө жыл бою карышкыр менен чөө атууга уруксат.

Чет өлкөлүктөр былтыр Борбор Азия мамлекеттеринде сибир текесин, кекилик, памир тукумундагы тоо эчкини, аркар- кулжа жана каман атууга кызыккан. Бирок бул жаныбарларды атуу мамлекеттик тарабынан чектелип, саналуу гана башты атууга уруксат берилет.

Кыргызстандын аңчылык башкармалыгынын адистеринин айтымында, кыргыз жергесинде 17-18 миңдей аркар- кулжа, 60 миңдей тоо эчки- теке бар. Соңку жылдары өлкөдө тоо эчкинин саны бир кыйла көбөйгөн дешет адистер.

Өлкөдө чет элдик мергендер үчүн 60га жакын аңчылык чарбалар кызмат кылып, аң уулоого шарт түзүп, уюштуруу иштерин аркалап келишет. Мурда чет өлкөлүк мергенчи атып алган ар бир кулжа үчүн төлөгөн 15 миңдей америка долларын аңчылык чарбалар жашырып, салык төлөбөй келишсе, былтыртан баштап ар бир атылган кулжа үчүн өкмөт казынасына 5 миң доллар төлөп беришүүдө.

Эгерде чет элдик мерген тоо эчки атса, ал үчүн 600 доллар төлөөгө тийиш. Ал эми коңшу Тажикстанда бир кулжа атканы үчүн чет өлкөлүк мергенчи 10 миң, Монголияда 13 миң доллар мамлекеттик казынага түшөт.

Кыргызстанга келген чет өлкөлүктөр аңчылар жылына 50-60 аркар- кулжа атып, алардын мүйүздөрүн эл аралык сафари көргөзмөлөрүнө коюшат.
Кыргызстандын Шамшытуюк тоосунда атылган кулжанын мүйүзүнүн узундугу 1 метр 52 см болуп, үч жыл мурда дүйнөлүк рекорддду жаңырткан. Ошондой эле Жарлуукайыңды тоосунда атылган кулжанын мүйүзү да дүйнөлүк рекорддон 40 сантиметрге узун болуп, чет өлкөлүктөрдун кызыгуусун ого бетер арттырган .

Кыргызстанда чет элдик мергендер үчүн күзгү аңчылык 15- августтан 12- декабрга чейин болсо, кышкы аң уулоо 5- январдан 1- мартка чейин. Ал эми жергиликтүү мергендер үчүн аңчылык кылууга 21- августтан 1- февралга чейин уруксат берилген.

Эгерде жергиликтүү мергенчилер аңчылык коомдорго мүчө болуп, мылтыгы катталуу болсо жана аңчылыкты көзөмөлдөө боюнча жергиликтүү уюмдардан тоо эчки- теке атууга уруксат кагаз алса гана мергенге чыгууга укуктуу.

Бир эчки- текени атуу үчүн жергиликтүү мерген 150 сом төлөшөт. Алар үчүн өлкөдө аркар- кулжа атууга уруксат жок. Бирок жергиликтүү калк тарабынан аркар- кулжага аңчылык кылуу фактылары болгонун өлкөнүн биотүрдүүлүк департаментинин аңчылык бөлүмүнүн башчысынын орун басарынын милдетин аткаруучу Павел Дибров айтып берди:

-Былтыркы жылы браконьерлерден катталбаган 67 мылтык алынды. Уруксаты жок аңчылык кылган 700дөй окуя катталып, айып салынды. Ал эми биздин кызматкерлер кармаган браконьерлерди сот кызматкерлери жазасыз кое берген учурлар да кездешүүдө. Былтыр өлкөгө “дүң” болуп Орусиянын Канттагы авиобазасынан Кызыл китепке кирген 127 ителги кармалганда, анын жыйынтыгы деле белгисиз болуп кала берди. Ошондой эле Казакстандын цирк кызматкерлери Бишкектен ак илбирстин 2 күчүгүн сатып алып кетип баратканда кармалган. Ак илбирстин териси эле 3-4 миң долларга баалангандыктан, тирүү күчүгүн канчага сатып алышканы белгисиз. “Кызыл китепке” кирген жана кирбей калган жаныбарларды коргоо, сейрек кездешүүчү түрлөрүн көбөйтүүгө казынадан каражат бөлүнбөй жатканы өкүндүрөт.

Кыргызстандын Балык жана аң уулоо коомунун Бишкек-Чүй аймагы боюнча кызматкери Владимир Ерошенко мергенчилердин курамы түрдүү экенин, чыныгы аңчылар жаратылышка аяр мамиле кылып, жапайы жаныбарларды эсепсиз кырбай, сарамжал келишээрин айтты:

- Өлкөдөгү аңчылык коомдоруна мүчө 11 миңден ашуун мерген болсо, анын 4 жарым миңи - Бишкектин тургундары. Тилекке каршы, уруксаты жок аңчылык кылган учурлар да кездешет. Быйыл кекиликтин азайганы байкалды. Жалпысынан өлкөдө жаныбарлардын 32 түрүнө аңчылык кылууга уруксат берилген. Аларды атуунун учурлары, мөөнөтү да такталган. Бирок, бийлигинен пайдаланган чиновниктер уруксаты жок жазында төлдөп турган учурда аңчылык кылган учурлар да кездешүүдө.

Учурда жергиликтүү мергендер үчүн карышкыр менен чөөгө аңчылык кылууга уруксат. Байкоочулар Кыргызстанда жада калса аңчылык кылуу жөнүндө атайын мыйзам да жок экенин белгилешет.
XS
SM
MD
LG