Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:42

УКРАИНАНЫН БАШКЫ ПРОКУРАТУРАСЫ МУРДАГЫ БИЙЛИК ИРАНГА ӨЗӨКТҮҮ РАКЕТА САТКАН-САТПАГАНЫН ТЕКШЕРИП ЖАТАТ


Кубат Оторбаев, Прага Украина парламентинин депутаты Григорий Омельченко жакында президент Виктор Ющенкого кат жолдоду. Анда Украинанын мурдагы өкмөтү ядролук куралдарды таркатпоо тууралуу эларалык келишимдерди бузуп, өзөктүк дүрмөттүү ракеталарды Иранга сатканы айтылган. Жаңы шайланган президент Ющенко катта жазылган маалыматтарды текшерип көрүүгө сөз берди. Ал эми Украинанын башкы прокуратурасы болсо иликтөө иштерин баштады.

“Украина Иранга өзөктүк дүрмөттүү ракеталарды сатыптыр” деген маалымат өткөн жылы эле белгилүү болгон жана иликтөө иштери ошондо эле башталган. “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун аналитиги Роман Купчинский азыр Киевде жүрөт. Анын айтымында UkrSpetzExport компаниясынын жогорку даражадагы кызматкерлерине кылмыш иши мурда эле козголгон:

– Кылмыш иши өткөн жылы президенттик шайлоонун алдында козголгон. Украинанын коопсуздук кызматы иликтөө иштерин жүргүзүп, октябрда Украинанын мамлекеттик соода компаниясы – UkrSpetzExportтун айрым чиновниктерине айып коюлган.

Роман Купчинскийдин пикиринде эми мындан ары да далай чиновниктерге күнөө коюлушу ыктымал. Анткени Иранга курал сатылган деп маселе көтөрүп жаткан депутат Григорий Омельченко президент Виктор Ющенконун досу болуп эсептелет.

Олександр Сушко – кеңсеси Киевде жайгашкан Тынчтык, кайра куруу жана тышкы саясат борборунун директору. Ал мындай эларалык деңгээлдеги мыйзамсыз соода-сатык 2002-жылдан бери жашыруун кармалышы мүмкүн эмес эле дейт:

– Эгер сөз ракеталар тууралуу болуп жатса мен ал сооданын ишке ашканына күмөн санайм, өтө эле күмөн санап турам. Анткени өзөктүү ракета эч кимге билдирбей, жашыруун сатып жибере турган курал эмес.

Сушконун пикирине караганда Украинанын мурдагы бийлиги курал-жарактарды мыйзамсыз сатканы үчүн көп жолу эларалык жаңжалдын себепчиси болуп, өлкөнүн кадыр-баркына доо кетиришкен болчу. Атап айтканда 2000-жылы Киев “Колчуга” деп аталган радардык системаны Иракка сатты деген маалымат тараган. “Бирок, - Олександр Сушконун айтымында, - ал маалыматтар документтер менен далилденип, тастыкталган эмес”.

Украина Африканын согуш жүрүп жаткан айрым мамлекеттерине да ок атуучу куралдарды саткан деген маалыматтар көптөн бери айтылып келатат. Бул операцияларда өкмөттүн ролу, ортомчулардын орду кандай болгон деген маселе келип чыгат. Олександр Сушко аны аныкташ үчүн жаңы президент Ющенконун дем-күчүнөн тышкары дагы, өлкөнүн сот-юридикалык системасына реформа талап кылынат дейт.

"Кыңыр иштерди жасаган адамдар ал окуяны сыр кылып, жети кулпунун аркасында кармоого аракет кылышат, ал эми маанилүү күбөлөрдүн айрымдарынын көзү эчак эле тазаланган” деп кошумчалады эксперт.

Ал эми эксперт Леонид Поляков болсо эч нерсе далилдене электе эле Иранга Украина курал саткан деп жыйынтык чыгарууга болбойт деген пикирде:

– Тергөө иштери жүрүшү керек. Анын жыйынтыгы чыккандан кийин гана эмне болгонун айтууга болот. Анын жыйынтыгы чыкпаса буга чейинкидей болуп эле басма сөздө ар кандай божомолдор айтыла берет дагы, алар болсо далилденбей кала берет.

Ал эми “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун аналитиги Роман Купчинский болсо депутат Григорий Омельченконун фактылары ушунчалык ишенимдүү экендигине басым жасайт.

Азырынча бул окуяга Ирандын дагы, Украинанын мамлекеттик соода компаниясы – UkrSpetzExportтун чиновниктери да комментарий бере элек.

XS
SM
MD
LG