Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:52

Ошто атуулдук форум өтөт


БИШКЕК. «Кыргызстандагы демократия таңсыктыгы: анын себептери» деген темада атуулдук форум 5-февралда өтөт. Аталган форум «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейокмөт уюмунун демилгеси менен уюштурулууда. Жыйынга белгилүү саясий, коомдук ишмерлер, саясатчылар, бейөкмөт уюмдардын жана маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, укук коргоочулар катышат. Форумда Адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо институтунун жетекчиси, Кыргызстан Элдик кыймылынын өкүлү Топчубек Тургуналиев, «Атажурт» кыймылынын тең төрайымы Роза Отунбаева, «Ашар» кыймылынын алгачкы лидерлеринин бири Ракыя Жусупова, укук коргоочулар, журналисттер өлкөдөгү демократиянын абалы жөнүндөгү докладдары менен чыгып сүйлөшөт. Жыйындын катышуучулары Кыргызстандагы демократиянын абалы, анын таңсыктыгынын себептери жөнүндө ой бөлүшүп, соңунда резолюция кабыл алынат. Бул тууралуу «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунан «Азаттыкка» маалымдашты.

XS
SM
MD
LG