Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:28

ДИРЕКТОРЛОР КОШУЛГАН НАРККА САЛЫКТЫ КАЙТАРУУНУ ТАЛАП КЫЛЫШУУДА


Сапар Орозбаков, Бишкек Президент өткөн жылы өлкөнүн экспорту 26% өскөнүн айткан эле. Бизге белгилүү болгон маалыматтарга караганда, экспорт өскөн сайын кошулган наркка салыкты ишканаларга кайтарып берүү маселеси курч коюла баштады. Жакында өлкөдөгү бир нече ишкананын директорлору бул маселени оң чечип берүүнү өтүнүп, өкмөт башчыга кат жөнөтүштү.

Мыйзам боюнча ишкана өзүнүн продукциясын экспорт жасаган учурда Каржы министрлиги анын мурда импорт жасаган учурдагы төлөгөн кошулган наркка салыгын кайтарып берүүгө тийиш. Премьер-министрге кат жолдогон директорлордун тобу Каржы министрлигинин кызматкерлери импорттон алынуучу салыкты чып-чыргасын калтырбай алып, ал эми экспортко келгенде, ар кандай шылтоо таап, аны кайтарып бербесин билдиришет:

- Кошулган наркка салыкты кайтаруу маселеси коркунучтуу көрунүшкө айланды. Каржы министрлиги салыкты чогултууну жакшы үйрөнүп алды. Аларды бул үчүн азамат деш керек. Бирок ал мыйзам боюнча мурда алынган кошулган наркка салыкты өз убагында кайтарып бериши керек. Муну менен биз ишканаларды отургузуп коюп жатпайбызбы!- дейт Карабалта тоо-кен комбинатынын баш директорунун кеңешчиси Жалгап Казакбаев.

Анын айтымында, бажы кодексине ылайык Каржы министрлиги кошулган наркка салыкты 30 күндүн ичинде кайтарып берүүгө тийиш. Бирок ал аны көпчүлүк учурда аткарбайт.

«Дастан» корпорациясынын баш директору Султанбек Табылдиевдин билдиришинче, Каржы министрлиги бул салык боюнча ишканаларга 2 млрд сом карыз. Ал өзү болсо 2 млн доллар аласасын ала албай жүрөт:

- Менин оюмдан, кайда барсам да, 80 млн сом кетпейт. Мен эмне кылышым керек?. Өндүрүш токтобой уланып турган цикл. Бул токтобой уланган циклден мен 2 млн долларды алып салышым керек экен. Биринчиден, мен аны кайдан табам? Экинчиден, 2 млн долларды алып коюштун кажети кайсы?

Каржы министрлигинин өкүлдөрү болсо, директорлордун дооматын четке кагып жатышат:

- Бул маанилүү маселе болуп жаткандан кийин өзүнчө дагы бир бөлүм ачканбыз. Ишканалар ошол бөлүмдөн жана каржы министрлигинин алдындагы комиссиядан өтүшөт. Экспорт кылдым деп эле кайтарып бергиле деген туура эмес. Мунун өзүнүн жоболору бар. Ишкана ал үчүн экспорт кылганын далилдөөчү документтерин бериши керек – дейт Кирешелер комитетинин төрага орун басары Адылбек Касымалиев.

Ал жалган кагаз өткөрүп кошулган наркка салыкты кайтарып алууну көздөгөн ишканалар көбөйүп кеткендигин, ошондуктан алардын документтерин кылдат текшербесе болбой тугандыгын кошумчалайт:

-КМШ өлкөлөрү менен биз маалымат алмашып турабыз. Кат жөнөтсөк, көпчүлүгү такталбайт. Жалган экспорт болуп чыгат – дейт Адылбек Касымалиев.

Бирок директорлор Кирешелер комитети кереги жок документерди да талап кыларын айтышат:

-Каржы министрлиги бизди 3500 кагаз чогултууга мажбурлады. 2 жылдан бери чогултуп жатабыз – дейт Жалгап Казакбаев.

Өткөн жылы, өлкө башчынын жана өкмөт башчынын айтымында, экспорт 26% өстү. Директорлор болсо бул ишканалар үчүн чек эмес экендигин, экспортту андан да көбөйтсө болорун айтышат. Ал үчүн өкмөт биринчи кезекте кошулган наркка салыкты кайтаруу маселесин чечип берүүгө тийиш. Бишкектеги «Эмель» компаниясынын жетекчиси Абдисалим Чылымовдун айтымында, эгерде салык кайтарылбаса, ал товардын өздүк наркына кирип, товардын баасын жогорулатат жана Кыргызстандын ишканалары атаандаштыкка туруштук бере алышпайт:

- Кошулган наркка салык кайрылбаса, ишкана өзүнүн товарын арзан сатам деп сунуш кыла албайт. Германияда, Түркияда, Европанын башка өлкөлөрүнүн баарында товар экспортко кетсе, кошулган наркка салык алынбайт. Экспорттук потенциалды чоңойтуунун негизги жолу ушул. Ошондой кылып койсо, экспортко дагы көп продукция чыгат эле – дейт Абдисалим Чылымов.
XS
SM
MD
LG