Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:20

ПРЕЗИДЕНТ ЖОРЖ БУШ КАЙРЫЛУУ ЖАСАДЫ


Кубат Оторбаев, Прага Кошмо Штаттарынын президенти Жорж Буш Конгрессте кезектеги кайрылуусун жасады. “Өлкөдөгү абал жөнүндө” деп аталган сөзүндө Буш негизинен президенттик экинчи мөөнөт учурунда жасай турган иштерине токтолду. Атап айтканда ал Иракта, Палестинада жана Ооганстанда өткөн шайлоо өнөктүктөрүн жогору баалап, бул – демократиянын дүйнө жүзүндө бекемделип жатканынын белгиси деди. Жорж Буш Иранды террордун негизги демөөрчүсү катары сынга алды.

Демократияны андан ары жайылтуу Жорж Буштун экинчи президенттик мөөнөтүнүн башкы максаты болгону жатат. Ошол себептен улам Кошмо Штаттары Буштун айтымында, террористтердин башкы бутасы бойдон калууда:

Биздин мамлекет дале болсо террористтердин мелжеген башкы бутасы бойдон калып жатат. Биз алардын таш-талканын чыгарып жеңгенге чейин аларга каршы турабыз.

Жорж Буштун Конгресстеги кайрылуусу анын президенттик экинчи мөөнөттөгү программасы катары бааланып жатат. “Өлкөдөгү абал жөнүндө” деп аталган сөзүндө президент Иракта, Палестинада жана Ооганстанда өткөн шайлоо өнөктүктөрүн жогору баалап, бул – дүйнө жүзүндө демократия тамырынын тереңдей баштаганын билдирген белги деп атады.

Ал Ирандын элине кайрылып, өлкөдө демократия орнотуу ишинде Америка силерди колдоого алат деп билдирди. Ал эми Ирандын өкмөтүн болсо террорчуларга колдоо көрсөтүп жатат деп сынга алды:

- Иран дале болсо терроризмдин башкы демөөрчүсү бойдон калып жатат. Тегеран өзөктүк курал жасоого аракет кылуу менен элдин эркиндигин басмырлап келатат. Ирандыктар эркиндикке толук татыктуу жана ага азыр аракет кылышууда. Биз европалык өнөктөштөрүбүз менен бирге иштеп, Иранды уранды байытуу боюнча программасынан жана терроризмди колдоодон баш тартууга ынандырууга аракет кылып жатабыз.

Буштун айтымында Вашингтон Түндүк Корея менен Ирандын атомдук программаларына байланышкан маселелерди дипломатиялык жолдор менен чечүүгө умтулат.

АКШ президенти Иракта 30-январда өткөн шайлоону бул өлкөдө туруктуулукту жана тынчтыкты орнотуудагы алгачкы олуттуу иш катары баалады:

– Биз Иракта ийгиликке жетебиз. Анткени Ирактын тургундары өздөрүнүн эркиндигине жетип, тарыхын түзүш үчүн күрөшкө даяр. Ирактын убактылуу премьер-министри Аяд Аллави былтыр Конгрессте айткандай Ирактын карапайым калкы өз мамлекетинин коопсуздугун камсыз кылууну мүмкүн болушунча эртерээк өз колуна алууга даяр. Бул – эркин элдин табийгый каалоосу жана Ирактагы биздин коалициянын дагы башкы миссиясы.

Президент Буштун сөзүнө караганда эмки көңүл Ирактын өзүнүн коопсуздук күчтөрүн түзүп, бутка тургузууга бурулат.

АКШнын мамлекет башчысы Жакынкы Чыгыштагы тынчтык процессине көмөк көрсөтүүгө сөз берди. “Махмуд Аббастын президенттик кызматка киришүүсү менен палестин-жөөт мамилесин жакшыртып, кызыл кыргынды токотууга жагымдуу жагдай түзүлдү” деп билдирди Буш.

Президент Палестинанын экономикасын чыңдап, демократиянын абалын жакшыртыш үчүн Конгресстен 350 миллион доллар сурады. Ал эми мамлекеттик катчы Кондолиза Райс болсо жакынкы арада Жакынкы Чыгышка аттанып, Ариэль Шарон менен жана Махмуд Аббас менен жолугуп, сүйлөшүүлөрдү өткөрмөкчү.

Американын ички турмушуна байланышкан маселелерден Жорж Буш пенсия системасы реформалана тургандыгын билдирди.

Айрым эксперттер Жорж Буш көп нерсени айтканы менен, айрым бир маанилүү жагдайларга көңүл бурбай калды деген пикирлерин айтып жатышат. Кеңсеси Вашингтондо жайгашкан Като институтунун саясий аналитиги Патрик Бешам президент Буш Иракта тирешип жаткан суннилер менен шийилердин саясий лидерлерине кайрылууну эсинен чыгарып койду деген пикирде:

- Президент орчундуу нерсени айтпай калды: ал суннилер менен шийилердин аттуу-баштууларына кайрылып, аларды ымалага келтирип, саясий туруктуулукту түзүүдөгү алардын ордун белгилесе болмок. Андай күн келсе үч кабат жеңиш келмек: шийилер да жеңмек, суннилер да олжого туйтунмак, мындан Кошмо Штаттары да утушка ээ болмок. Анткени андай күн келсе Кошмо Штаттарынын аскер күчтөрү өлкөдөн эртерээк чыгып кетмек.

Патрик Бешамдын кошумчалаганына караганда 30-январдагы шайлоого карабай Иракта суннилер менен шийилердин ортосунда ич ара согуш чыгып кетиши ыктымал болуп турат.

Саясий талдоочу Бешам президенттик биринчи мөөнөтү учурунда Жорж Буш Жакынкы Чыгыштагы жагдайга көңүл кош карагансып, көп учурларда Израил премьер-министринин чектен чыккан иштерине көз жуумп коюп жатты дейт. “Ошол себептен Буш дагы, Кондолиза Райс дагы бул ирет жөөт-палестин тирешүүсүнө калыс көз менен караганга аракет кылышы керек”, деп сөзүн жыйынтыктады ал.

XS
SM
MD
LG