Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:37
БИШКЕК. «Жарандык коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюму «Арнамыс» саясий партиясынын учурда түрмөдө отурган төрагасы Феликс Куловду бошотууга жана 2005-жылкы президенттик шайлоого катышуу укугун калыбына келтирүүгө көмөк көрсөтүүнү суранган катты БУУнун адам укуктары комиссиясынын дарегине жолдогону жатат. Бул тууралуу 3-февралда «Арнамыс» партиясынын кеңсесинен кабарлашты. Мындай демилге 18-январда «Жарандык коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюму уюштурган «Кыргызстандагы демократиянын таңсыктыгы, себептери» аттуу форумдун 1-этабында колдоо тапкан. Бул маселе форумдун 5-февралда Ошто өтө турган 2-этабында дагы бир ирет талкууга алынат. Феликс Кулов учурда Жаңыжер түрмөсүндө отурат. Саясатчынын арызын быйыл Сокулук райондук соту карап, анын бошонуу мөөнөту 2005-жылдын 15-ноябрына туура келет деген чечим чыгарган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG