Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:00

Долонго бир күндө эки көчкү түштү


НАРЫН. Көчкү Торугарт автожолунун 297-чакырымында, Долон ашуусунун түштүк ыптасындагы капчыгайда, б.а. Карүңкүр кыштагына жакын жерде жүргөн. Бул тууралуу Долондон №41 жол эксплуатация бөлүмүнүн жетекчиси Кубанычбек Токобаев телефон аркылуу маалымдады. Анын билдирүүсү боюнча 3-февралда эртең мененки саат 9.30 чамасында 500 куб, түш оогондо 350 куб көлөмүндө көчкү түшкөн. Кар көчкүнүн түшүшү автоунаалардын каттамына тоскоолдук кылган эмес. Бирок, оор жүк ташыган автоунааларды сүйрөп чыгуу кыйынчылыкты пайда кылган. Кубанычбек Токобаев билдиргенге караганда, көчкү түшкөн жерде 13 адам эмгектенип, эки бульдозер, бир эксковатор, бир грейдер, бир жол тазалоочу автоунаа кар көчкүнү тазалоодо. Өткөн жылы 17-мартта 1 млн. 200 миң куб көлөмүндөгү кар көчкү Бишкек-Торугарт автожолунун 289 жана 290 чакырымда болгон эле.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG