Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:01

Паспорту жокторго паспорт берилет


БИШКЕК. 31-январдан баштап ички иштер кызматынын паспорттук-визалык бөлүмдөрү 2004-жылкы үлгүдөгү жарандык паспорт алуу максатын көздөгөн арыздарды кабыл ала баштады. Бул тууралуу Кыргыз өкмөтү 3-февралда маалымдады. Маалыматка караганда, бул документ өтө муктаж болгондорго бир жылдык мөөнөткө берилет. Башкача айтканда, паспорту жоктор, визалык баракчалары түгөнгөндөр, 1994-жылкы үлгүдөгү паспортторунун мөөнөтү бүткөндөр, 1974-жылкы паспортту пайдаланып жүргөндөр документин жаңырта алышат. Буга байланышкан токтомду өкмөт 25-январда паспортко байланышкан жагдайды жөнгө салуу максатында чыгарган. Ал эми кыргыз парламенти декабрь айында бул маселени карап, мамлекеттик белгилер жаңы паспорттун бетине туура эмес түшүрүлгөн деп, аны жарандарга берүүнү токтотуп, жагдайды териштирүүнү өкмөткө тапшырган.

XS
SM
MD
LG