Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:46

Адаватчылар Ирактык аскерлерге жана америкалык күчтөргө каршы айоосуз согуш ачышты


Козголоңчулар кечээ шамдан кийин Киркук шаарына жаңы аскерге чакырылган жоокерлерди алып бараткан автобусту токтотуп, 12 адамды өлтүрүшкөнүн Ирак армиясынын өкүлү бүгүн маалымдады. Өкүлдүн билдиришинче, согушчулар АКШлык аскерлерге кошулба деп башка адамдарга эскертүүсү үчүн эки жоокерди койо беришкен.

АКШлык аскерий жетекчилик сунни калктуу Анбар дубанындагы кагылышууларда америкалык эки жоокер окко учканын маалымдады.

Бакуба шаарындагы АКШлык аскерий базаны аткылоо учурунда ирактык эки жаран набыт болгонун кабарланды.
Ирак полициясынын билдиришинче, Багдаддын түндүгүндө да америкалык базага жумушка бараткан эки жаран бомбага кабылып өлдү.

Президент Буш кечээ улутка жасаган кайрылуусунда аскерлерди Ирактан чыгаруу “террорчуларга дем берээрин”, ошон үчүн аларды чыгарууга али эрте экенин айткан.

XS
SM
MD
LG