Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:33

Кондолиза Райстын биринчи сапары


АКШнын жаңы Мамлекеттик катчысы бүгүн бул кызматка келгендеги алгачкы сапарына чыкты. Ал обол Лондондо болуп, андан ары Парижге жана Берлинге, кийин Жакынкы Чыгышка барат.
Райс айым Европа өлкөлөрүнө Вашингтондун Иран саясатын түшүндүрүп, көңүлүн тынчытат деп күтүлүүдө.
АКШ, ырасмий Тегерандын танганына карабай, ядролук куралдын үстүнөн жашыруун иштөөдө деп айыптап келет.

Президент Буш өткөн айда Иранга каршы күч колдонулушун жокко чыгарбай, бирок ядролук программадан чыккан түшүнбөстүктү дипломаттык жол менен жөндөөгө умтулаарын эскерткенде, Европа өлкөлөрү Иранга согуш ачууга каршы чыгаарын билдиришкен.

XS
SM
MD
LG