Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:26

Грузиянын премьер-министри Зураб Жвания капилет кырсыкта апаат болду


Сот эксперти Леван Чачая азырынча маркумдун денесинен эч кандай жараат же шектүү зат табылбаганын билдирди:

- Зураб Жваниянын денеси дале союлуп изилденүүдө. Өпкөнүн сол жагынын ылдыйкы бөлүгүнөн башка жерде эч кандай шүйүшүн табыла элек. Ички жараатты да таппадык. Биз жасатты жана андагы белгилерди кылдат текшерип бүткөндөн кийин гана маркум кычкылтектен уугуп калды деп айта алабыз.

Өлкөнүн ички иштер министри Вано Мерабашвили бүгүн таң эртең менен жасаган телебилдирүүсүндө:

- Өткөн түнү акылга сыйбас кырсык болду. Грузиянын өкмөт башчысы Мырза Зураб Жвания апаат болду.

Мерабашвили 41 жаштагы Жвания газга уугуп өлгөнүнөн күмөн санабасын да айткан эле.

Жвания менен досу Раул Юсуповдун газга ууланган жасаты Юсуптовтун Тбилисидеги үйүнөн табылган. Ички иштер министринин билдиришинче, Юсупов Квеме-Картили дубанынын орун басар губернатору болуп иштөөчү.

Президент Саакашвили премьер-министр Жваниянын өлүмү “мен жана өлкө үчүн катуу сокку болду” деди.

Экс-спикер Жвания 2003-жылы болгон “роза ынкылабында” негизги ролду ойногон.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG