Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:10

ЗУРАБ ЖВАНИЯНЫН ТАБЫШМАКТУУ ӨЛҮМҮ


Грузиянын премьер-министри Зураб Жваниянын күтүүсүз каза болгонуна байланыштуу жалпы дүйнөлүк коомчулукта ар кандай пикирлер пайда болууда. Ал эми кыргыз журтчулугу бул окуяга кандай көз карашта?

Грузиянын премьер-министри Зураб Жвания 2-февралда күтүүсүз каза тапты. Грузиянын полиция жана коомдук коопсуздук боюнча министри Вано Мерабишвилинин билдиргенине караганда, Зураб Жвания түн ичинде досу Рауль Юсуповдун үйүнөн жаратылыш газына ууланган.

Бирок “Тбилгаз”акционердик коомунун башчысы Давид Морчалидзе “Рустави 2” телеканалына эч кандай газ чыккан жок деп айткан. Ага жараша массалык маалымат каражаттарында Зураб Жваниянын күтүлбөгөн жерден каза болушу тууралуу божомолдор айтылууда. Кыргызстандын коомчулугунда бул окуя боюнча ар кыл көз караштар жана божомолдор айтыла баштады.

Бирок бул факт боюнча тигил же бул өңүттө айрым саясатчылар пикирин айтууну каалашкан жок, ал эми айрымдары бул окуя тууралуу толук маалыматы жок экенин билдиришти.

Ал эми Кыргыз- түрк “Манас” университетинин проректору Анвар Мокеев алдын ала кандайдыр бир жыйынтыктоочу пикир айтуу али эрте экенин билдирди:

- Грузиндер өздөрү Зураб Жвания газ менен ууланды деп айтып жатышат да. Андан башка менде эч кандай маалымат жок.Ар кандай кайчылаш пикирлер айтылып жатат.Албетте, премьер-министрдин капысынан каза болушу ар кандай пикирлерди жаратат.Текшерилген маалымат жок болгондон кийин бир нерсе айтыш кыйын.

Ал эми “Кыргызинфо” маалымат агенттигинин жетекчиси Турат Акимов оюн мындайча билдирди:

- Интернет боюнча келген маалыматтарды карасак, Зураб Жваниянын досу менен каза болгондугу көп ойлорду пайда кылат. Бирок, досу жөн адам эмес экен, ал губернатор экен, анан бул губернатор жан кечти деп айтууга да болбойт.Ал эми башка багытта алып карасак, мисалы, Зураб Жвания менен досу Рауль Юсуповду атайын кимдир бирөөнүн тапшырмасы менен өлтүрүп кетти деп божомолдосо болот, бирок, интернетте мындай маалымат жок. Эми бул окуя жакынкы арада эле болбодубу, тергөө жүрүп жатат. Алдын ала бирдеме деш кыйын болуп турат.

Зураб Жваниянын өлүмүнө айрым бир кучтөр кызыкдар экенин, ал күчтөр, балким, Оруссияда деген пикирин Грузиянын парламентинин өкүлү, депутат Александр Шаламберидзе билдирген.

Бул божомол тууралуу “Ар намыс” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Бөдөш Мамырованын көз карашы мындай болду:

- Орусиянын бул окуяга кандайдыр бир тиешеси бар деп айта албайм. Анткени так далилдер жок. Албетте, Грузия менен Орусиянын ортосунда саясий пикир келишпестиктер бар, бирок менин оюмча, Орусия мындай кадамга барбайт эле.

Грузиянын премьер-министри Зураб Жвания сыяктуу саясатчылардын өлүмүн саясатташтырып жиберген учурлар көп экенин белгилешет айрым байкоочулар. Оруссиядагы жана Казакстандагы кыргыз диаспораларынын асооциациясынын төрагасы Мухтарбек Өмүракунов кокустук болушу ыктымал дейт:

- Менин оюмча бул капысынан деле болушу мүмкүн.Себеби көрүнүктүү адамдар ооруп, өлүп калса деле аны чоң окуя, легенда кылып коюшат. Бирок, саясий себептер деле болушу мүмкүн.Эми мындай окуялар дүйнөдө көп болот.

Зураб Жвания Михаил Саакашвилинин өкмөтүндө премьер –министр болуп 2004 –жылдын 17-февралында дайындалган.

XS
SM
MD
LG