Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:18

УКРАИНАНЫН ПАРЛАМЕНТИ ЮЛИЯ ТИМОШЕНКОНУ ПРЕМЬЕР-МИНИСТРЛИККЕ БЕКИТТИ


Кубат Оторбаев, Прага 4-февралда Украинанын парламенти премьер-министрликке Юлия Тимошенкону бекитти. Анын кандидатурасын Верховна радага президент Виктор Ющенконун өзү тааныштырып, сунуш кылды. Тимошенкону өкмөт башчылыкка дайындоого 450 депутаттын 373ү макулдугун берди. “Ыңкылаптын умай энеси” аталган айым жаңы кызматка киришип жатып, өзүнө жүктөлгөн милдетти акниеттик менен аткарууга сөз берди.

Украина президенти Виктор Ющенко саясий өнөгү Юлия Тимошенконун талапкерлигин депутаттарга өзү сунуш кылды:

– Эл азыр жаңы өкмөт таза болот, 14 жылдан бери топтолгон проблемаларды чечет деп күтүп атат. Мен жаңы өкмөт ал максатка жетет деген терең ишенимдемин. Ошентип, урматтуу достор, Конституция мага берген укуктан пайдаланып, сиздерден – Верховна Рададан Украинанын премьер-министрлигине Юлия Володимировна Тимошенкону бекитип берүүнү өтүнөм.

Бекий электе Тимошенко өзүнүн программасы менен депутаттарды тааныштырды. Жарым сааттык сөзүндө ал коррупцияга каршы күрөшүп, элдин турмушун оңдоого жана Украинанын эртерээк Европа Биримдигине кошулуусуна болгон күч-аракетин жумшайм деп сөз берди. Анан анын талапкерлигине добуш беришти.

Жаңы өкмөт башчы ага жүктөлгөн милдетти жана чоң ишенимди актоого бар аракетимди жумшайм деп убада берди:

– Мен сиздерди Украина элинин да, Украина президентинин да, сиздердин да ар бириңердин эч убакта көңүлүңөрдү калтырбайм деп ишендирип кетем. Бүгүн сиздер мага көрсөткөн ишеним мен үчүн өтө чоң мааниге ээ. Бул ишенимди өзүмдүн бир да ишим менен булгабоого сөз берем.

Негизи анын талапкерлиги бейшембиде эле парламентке коюлмак. Бирок президент Виктор Ющенко менен Юлия Тимошенконун ортосунда айрым кадрлар боюнча талаш чыгып, добуш берүү жума күнгө калтырылган. Ошентип премьер-министрдин бекиши менен социалисттер, улутчулдар жана реформаторлор ортосундагы өкмөттүн курамы боюнча пикир келишпестиктер чечилди деп эсептесе болот.

Юлия Тимошенко карама-каршылыктуу фигура. Аны Орусияда, атургай Борбор Азияда да жакшы көрбөгөндөр бар. Ал мурда “Украинанын бирдиктүү энергетика системасы” компаниясында иштеп турганда мамлекеттик акчаны ичип-жеген деп мурдагы президент Леонид Кучманын тушунда кыска убакытка камалып да чыккан. Ушул тапта да Орусиянын башкы прокуратурасы аны Орусияга келээри менен камакка алышы мүмкүн экендиги айтылып жатат. Тимошенко ага коюлуп жаткан мындай күнөөлөрдү саясаттан улам козголгон иш катары баалайт.

Жума күнү болсо ал парламентте сүйлөгөн сөзүндө Орусияны Украинанын эң башкы жана маанилүү өнөгү катары баалады. Бирок ошентсе да жаңы өкмөт Европа менен тыгыз иштешүүгө аракет кыла турганына басым жасады.

Тимошенко өткөн жылдын аягында Украинада болгон ыңкылаптын башкы идеологу катары эсептелет. Ющенконун Януковичти жеңип чыгышында жана майданга он миңдеген адамдардын көтөрүлүшүндө анын ролу өтө жогору болгон.

XS
SM
MD
LG