Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:42

Аба ырайы боюнча шашылыш билдирүү!


Аба ырайын маалымдоо борборунан маалымдашкандай, 5-6 февраль күндөрү Жалалабад, Ош, Нарын, Талас жана Ысыккөл облустарынын тоолуу аймактарында, ошондой эле Каракулжа, Кызылжар, Карагөө-Казарман, Нарын-Казарман, Арал-Миңкуш, Алай-Чоңалай, Алабука-Канышкыя, Каракол-Эңилчек, Барскоон-Үчкошкон, Арал-Суусамыр, Миңкуш-Туюк автожолдорунда көчкү жүрүшү күтүлүүдө.

5-февралда республика боюнча кар жаайт. Жолдор тайгак болот.

Абанын температурасы:
ТАЛАС, ЧҮЙ өрөөндөрүндө түнкүсүн -6…-11, күндүз -1…-6 градус суук.
ЖАЛАЛАБАД, ОШ, БАТКЕН облустарында түнкүсүн 0…-5 градуска суук, күндүз -1 градус сууктан +4 градуска чейин жылуу.
НАРЫН аймагында түнкүсүн 10…-15, күндүз –4…-9 градуска суук болот.
ЫСЫККӨЛДӨ түнкүсүн -3…-8 градус суук, күндүз -2 градус сууктан +3 градуска жылуу
БИШКЕКТЕ мезгил-мезгили менен кар жаап, түнкүсүн -7…-9 градус, күндүз -3…-8 градуска суук.

Кабарларды Бүбүкан Досалиева, Аманбек Жапаров жана облустардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор Чолпон Орозобекова

XS
SM
MD
LG