Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:49

Таласта Кыргызстандын башка аймактары менен байланыш үзүлдү


ТАЛАС. 1-2-февралда жааган кардын калыңдыгы Карабуура, Манас райондорунда 50 сантиметрден 90 сантиметрге чейин, ал эми Казакстандын Акыртөбө, Мерке, Луговой райондорунда бир метрге чейин жеткен. Экология жана чукул кырдаалдар министрлигинин алдындагы Талас облусунун жарандык коргонуу башкармалыгынан 4-февраль күнү алынган маалыматка караганда, Кыргызстан тарап жолду тазалоого үлгүрдү, бирок Казакстан ушул күнгө чейин жолду тазалоого жетише албай жатат. Натыйжада 2-февралдан бери Талас-Бишкек жана Бишкек-Талас автомобиль жана жүргүнчүлөр каттамдары жабылды. Жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча күнүнө эки тараптан 16 рейс чоң автобустар, 28 рейс кичи автобустар каттамга чыкчу. Мындан тышкары жеңил машиналар менен кичи автобустардын каттамдары да токтоду. Учурда Бишкекке бийик тоолуу Өтмөк ашуусу аркылуу гана жол ачык.

XS
SM
MD
LG