Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:31

Кыргызстан элдеринин курултайына оппозиция чакырылган жок


БИШКЕК.5-февралда өтө турган Кыргызстан элдеринин бешинчи курултайына бардыгы болуп 1056 адам катышат. Анын 840 делегаты айыл өкмөттөрүнүн, кредиттик союздардын, бейөкмөт уюмдардын жана Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын өкүлдөрү. Мындан тышкары курултайга эл аралык уюмдар менен чет өлкөлөрдүн элчиликтеринин өкүлдөрү катышат. Курултайда былтыркы социалдык мобилизациялоо жана акыйкат башкаруу жылынын жыйынтыгы чыгарылып, быйылкы турак-жай куруу жана социалдык туруктуулук жылындагы милдеттер тууралуу премьер-министр Николай Танаев сөз сүйлөйт.

Өкмөт башчы курултайдын катышуучулары менен 4-февралда жолугушуп, пикир алышты. Бул курултайга оппозиция өкүлдөрү чакырылган жок. «Кыргызстан элдик кыймылынын» төрагасынын орун басары Ишенгүл Болжурова курултайга оппозиция өкүлдөрү да чакырылганда сөзсүз бармак деп билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG