Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:21

'Мунай үчүн азык түлүк' программасы боюнча доклад жарыяланды


Ирак менен байланыштуу Бириккен Улуттардын "Мунай үчүн азык-түлүк" аттуу программасынын алкагында орун алган мыйзам бузуулар боюнча кечээ күнү атайын доклад жарыяланды. Иликтөө комиссиясынын башчысы Пол Волкердин айтымында, программанын деректири Бенон Севан өзү коррупцияга малынган:

- Ирак өкмөтү программа кызматкерлерине пара берип, өзүнө бир артыкчылык алабыз деп ойлогон. Ал эми программа башчысы Севан өзүн Бириккен Улуттардын эрежелерин бузган абалга коюп алган жана анын жоругу эл аралык кызматтагы жетекчилерден талап кылынган стандартарга жооп берген эмес".

Мунайын жашыруун саткандан Ирак жетекчилиги бир жарым миллиард доллар пайда тапкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG