Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:51

Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс жума күнү Европадагы сапарын Ирандын дарегине катаал сөздөрдү айтуудан баштады. Андан бир күн мурдараак АКШ президенти Жорж Буш Тегерандын өзөктүк программасына байланыштуу Европа менен эриш-аркак иштешүүнү убада кылса, Райс айым Вашингтон бул маселеде Европа дипломатиясы менен келише албайт деп белгиледи.

Америкалык алдыңкы гезиттер жума күнү Европаны кыдырууга аттанган Кондолиза Райстын Вашингтондун атынан Ирандын дарегине айткан катаал билдирүүлөрүн жарыялашты. Атап айтсак, аларда Райс айымдын "Тегерандын өзөктүк курал өндүрүү дымагын басууда Вашингтон – Франция, Германия, Британия биригип сунуш кылган планды колдой албайт" деген сөздөрү келтирилет. Мамлекеттик катчынын бул билдирүүсүнөн бир күн мурдараак - шаршембиде президент Буш АКШ Иран маселесинде Европа Биримдигинин аракеттерин жактайт деп ишендирген эле.

Европадагы сапарын Лондондон баштаган Кондолиза Райс жума күнү британ премьери Тони Блэр менен жолугушуудан кийин Кошмо Штаттар Тегеранга карата күч колдонууну караштырган жери жок деп белгилей кетти:

- Бул маселе азыр күн тартибинде жок экени айкын. Биз дипломатиялык жолдорду караштырып жатабыз. Иран бирок жалпы чөлкөмдө жүрүп жаткан өзгөрүүлөрдөн кол тийбестик укугуна ээ эмес, - деп кошумчалай кетти АКШнын мамлекеттик катчысы.


Буш менен Райстын сөздөрүнүн мындай эки ачакей маанайынан улам аналитиктер Вашингтондун Иранга карата саясаты аягына дейре аныктала элек, али бүдөмүк абалда деген пикирде. Лондондогу Падышалык институттун өкүлү Тури Мунти Вашингтондун билдирүүлөрүн төмөнкүдөй комментарийледи:

- АКШ администрациясында бийик даражалуу бир эмес, көп киши бар, анан алардын бирөө чечкиндүү идея чыгарса, аны көп пикирдин бири катары кабыл алганыбыз оң. Ошентсе да, мен түшүнгөндөй, Райс айым ал чоң команданын катардагы мүчөсү эмес, президент Буш да этияттанып жаткандыр.


Лондондук изилдөөчү андан аркы сөзүндө Вашингтон Иран боюнча акыркы чечим кабыл алуудан өтө алыс деген пикирин кошумчалай кетти. Айрым байкоочулар америкалык жетекчилердин антип Иран маселесинде "топ ойноткону" – маселени жөнгө салууда аскердик кадамдар менен дипломатиялык аракеттер экөө бирдей талкууланып жатканын айгинелейт деп талдап чыгышты.


Эмнеси болсо да, Кондолиза Райс айым Лондондо Тегерандын өзөктүк программасынан тышкары Ирандагы саясий кырдаалдын карапайым элге, жалпы чөлкөмгө тийгизген терс таасирин, ага кошуп адам укуктарынын абалын сындай кетти. Андан улам теги ирандык, ушу тапта Женевадагы Коопсуздук саясатын изилдөө борборунун директору болуп иштеген Шарам Чубин эл аралык саясий кысым Иранда тескери натыйжаларга гана алып келиши мүмкүн деп эскертет:

- Сырттан айтылган опуза сөздөр Ирандагы режимди күчтөндүрүп, өлкөдө улутчул маанайдын жайылышына алып келүүдө. Иран – чөлкөмдөгү демократияга муктаж №1 талапкер экени талашсыз. Батыштагы мамлекеттер тегерандык жетекчилерди коркуткандан көрө катардагы ирандыктардын эркиндикке, демократияга болгон муктаждыгын, талабын өркүндөтүп, ошондой жашоого умтулган алдыңкы күчтөрдү колдоп-түртмөлөсө жакшы болмок.


Айтор, азырынча Иран, Ирак, Жакынкы Чыгыштагы жагдай – АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райстын Европадагы сапары маалында талкууланчу башкы маселелер экени дайын болду. Лондондон кийин Райс айым Германия, Түркия, Польша, Италия, Франция, Люксембург, Бельгия, Израил жана Палестин автономиясына барат.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG