Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:20

КОНДОЛИЗА РАЙС ЭМИ ОРУС ДЕМОКРАТИЯСЫНАН КЕП САЛАТ


Төрөкул Дооров, Прага Кондолиза Райс ишембиде АКШнын жаңы мамлекеттик катчысы катарында өзүнүн алгачкы чет элдик сапарын улантты. Ал бул күнү алгач Польшада болуп, кийин Түркияга келиши күтүлүүдө. Анкарада Райс айым Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров менен көрүшүп, сүйлөшүүлөрдө Орусиядагы демократиянын абалына жана Ирандын өзөктүк курал программасы тууралуу жеке көз-караштарын айтат деп күтүлүүдө.

Кондолиза Райстын европалык сапарында буга чейин АКШнын Иранга карата саясаты тууралуу тема басымдуулук кылып келди. АКШ Иранды өзөктүк курал программасын өнүктүрүү каалоосу үчүн айыптаганы белгилүү.

Райс айым Европага келип, Иранды “адам укуктарын басмырлантып жатат жана өзөктүк курал программасы тууралуу жалган маалымат таркатууда” деп айыптап кирди. Ал эми жума күнү Лондондо болгон учурунда Райс бир аз тилин жумшартып, АКШда Иранга карата куралдуу чабуул баштоо тууралуу ой жок экендигин билдирди.

Бирок ошол эле күнү Берлинде ал буга чейинки сын-пикирин дагы бир жолу кайталап өткөндөй болду:

- Иран өкмөтүнүн ички жана тышкы саясатына карата эларалык коомчулуктун тынчсыздануусу улам артып барат. Дүйнө элдери айрым баалуулуктар мааниге ээ деген ой менен жашап, Жакынкы Чыгыш реформаларга, өзгөрүүлөргө муктаж экендигин түшүнөт. Биз бул жаатта ишти уланта беребиз.

Британия, Германия жана Франция Ирандын өзөктүк курал программасын токтотууга арналган дипломатиялык жөрөлгөнү жетектеген европалык негизги өлкөлөр.

Анткен менен Германиянын канцлери Герхард Шрөдөр АКШнын “Иран демократиялык өзгөрүүлөргө муктаж” деген өжөрдүгү европалык бул аракеттерге туура келбеши мүмкүндүгүн айтты:

- Германия бул иштеги Франция жана Британия менен биргеликте баардык тараптарга ылайыктуу мунасага келүү үчүн дипломатиялык бүт жолдорду карап көрөөрүн дагы бир ирет айткым келет. Бул үчүн азырга чейин жетишилген ийгиликтер тил табышууга жардам болот деп ишенем.

Райс Иран тууралуу Анкарада Орусиянын Тышкы иштер министри Лавров менен сүйлөшүүлөрдө да оюн айтат деп күтүлүүдө.

Анткен менен бул жолугушууда Орусиядагы демократиянын абалы башкы темага айланмакчы.

Өткөн декабрда орус парламенти региондордун губернаторлорун эми эл шайлабай, президент дайындайт деген Путиндин сунушун жактырган эле.

Анын үстүнө, айрым байкоочулардын баамында, бул жолугушууда ЮКОС мунай компаниянын айланасындагы окуялар жөнүндө сөз козголушу мүмкүн.

XS
SM
MD
LG