Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:09

Ислам жихады уюму италиялык журналист аялды барымтага алган


Интернет аркылуу жарыя кылынган билдирүүдө аталган топ Италиядан аскерлерин 72 сааттын ичинде Ирактан чыгарып кетүүнү талап кылды. Журналист Жулиана Сгренди Багдаддын көчөсүндө кармап кетишкен эле. Кечээ, жума күнү Иракта жергиликтүү алты солдат жана америкалык үч жоокер мерт болду. Баары болуп бир күндө он сегиз кишинин өмүрү кыйылды. Ал эми борбордук шайлоо комиссиясы,жума күнү ырасталган маалыматтарга караганда,добуштардын 40 процентин санап бүтүп калды,шейиттердин өкүлдөрү ат чабым алдыда баратышат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG