Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:22

Депутаттыкка талапкерге эскертүү берилди


КАРАКОЛ. Бул тууралуу маалымат №72 Каракол округдук шайлоо комиссиясынан алынды. Алынган маалыматка караганда «Алга, ыргызстан!», «Өнүгүү» жана «Биримдик» саясий партиясынын атынан депутаттыкка талапкер болуп катталган Догдургүл Кендирбаеванын үстүнөн анын атаандашы депутаттыкка талапкер Болотбай Кожоевдин ишенимдүү өкүлү Халил Шакировдон борбордук шайлоо комиссиясына арыз түшкөн. Кеңешмеде Догдургүл Кендирбаеваны шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү үчүн агартуу тармагынын кызматкерлерин жумуштан негизсиз бошотуу, шайлоочулардын добушун алуу максатында кол топтоо жана Каракол шаарынын биринчи вице- мэри Акылбек Жаныбековдун талапкерге жердештик катары жардам берүү аракеттери тууралуу арызда көрсөтүлгөн фактылар далилденген жок. Бирок «Алга, Кыргызстан!» партиясынын курултайы өтөөр алдында аталган партиянын облустук баштапкы уюмунун төрайымы катары үгүт иштерин жүргүзүүгө жол бергендиги үчүн талапкер Догдургүл Кендирбаевага ооз эки эскертүү берилди.

XS
SM
MD
LG