Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:48

Ооганстанда жоголгон учак табыла элек


БИШКЕК. 3-февралда Ооганстандын Герат шаарынан Кабулга учуп баратып жоголгон Боинг-737 учагында кыргыз атуулдары жок болчу, ал эми учактын өзү табыла элек. Мындай маалымат Транспорт жана коммуникация министрлигинин алдындагы граждандык авиация департаментинин башчысы Алик Аскаровдон алынганын өкмөттүн басма сөз кызматынын жетекчиси Роза Даудова 5-февралда билдирди. Аталган департамент Ооганстанга тиешелүү адистер жөнөтүлгөнүн, азырынча так маалымат бере албастыгын билдирип жатат. Бир катар эл аралык басылмалар Ооганстанда жоголгон Боинг-737 учагынын Кыргызстандык «Феникс» аттуу фирмага таандык экенин жана ал фирма Бириккен Араб Эмираттарынын Шаржа шаарында катталганын маалымдашууда.

XS
SM
MD
LG