Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:26

Чечен өкмөтү Басаевдин өлүмүн тастыктай алган жок


Чеченстандын орусиячыл президенти Алу Алханов чечен козголоңчуларынын башчыларынын бири Шамиль Басаевдин өлгөндүгү туралуу маалыматты тастыктай да, төгүндөй да албасын билдирди.Ушул жумада “Интерфакс” кабар агенттиги Грузиянын козголоңчул Абхазия чөлкөмүнө шилтеме берип, Басаевдин өлгөндүгү туралуу малыматтар ырасмий органдар тарабынан текшерилип жатканын билдирген эле. Ал эми бейшемби күнү Британиянын телевидениеси Басаевдин тасмага жазылып алынган интервьюсун көрсөткөн. Анда Басаев Орусиянын аскерлери өлкөдөн чыгарылып кетмейинче Бесланда болгон террордук чабуулдай кол салууларды уланта бере турганын айткан. Россиянын федералдык аскерлери 1999-жылдан бери чечен козголоңчуларына каршы согушуп жатышат.

XS
SM
MD
LG