Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:05

Америкалык дагы бир аскер жоопко тартылды


ВАШИНГТОН. Техастагы аскердик трибунал америкалык аскер Джаваль Дэйвисти Ирактын түрмө туткундарын кыйнагандыгы үчүн 6 айга түрмөгө кести. Дэйвис сотто берген көрсөтмөсүндө кишен тагылган туткундардын колу- бутун басып, кантип кыйнаганын айтып берген. Дэйвис Багдаттын абу Граиб түрмөсүндө отурган ирактык туткундарга адамкерчиликсиз мамиле кылгандыгы үчүн мыйзамдык жазага тартылып жаткан алтынчы америкалык аскер.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG