Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:50

Ооганстанда кыйраган учактын сыныктары табылды


КАБУЛ. Ооганстанда бейшемби күнкү аба кырсыгынан аман калгандар жок. Бул жөнүндө ооган бийликтери кабарлашты. Учактын сыныктары бүгүн эртең менен Кабулдан 30 чакты километр жерде тоо арасынан табылган. Өлкөнүн ички иштер министрлигинин өкүлү Лутфулла Машал мындай деп билдирди:
Бүгүн ички иштер, коргоо жана министрликтери учакты издөөнү улантышты. Учактын айрым бөлүктөрү Барграми менен Банд-э-Гази деген чөлкөмдөрдүн оритосунан табылды. Учак толук кыйрап калды, андагы ооган жана бир нече чет элдик жүргүнчүнүн баары курман болду.

Кыргызстанда катталган "Феникс" авиакомпаниясына тиешелүү учак Хераттан Кабулга жол тартып бараткан эле, бирок Кабулда бороон аралаш кар жаап жатканына байланыштуу аба майданына коно албай, Пакистанга бет алып, жолдон кыйрап калган. Учакта 20 чакты чет элдик жаран болгондугу божомолдонот.

XS
SM
MD
LG