Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:13

ЧОҢ ЖЕТИЛИК ӨТӨ ЖАКЫР ӨЛКӨЛӨРДҮ КАРЫЗДАРЫНАН ТОЛУК АРЫЛТУУ НИЕТИН БИЛДИРДИ


Чоң жетиликтин тобуна кирген өлкөлөр дүйнөнүн кээ бир өтө жакыр мамлекеттеринин карызын толук кечүү ниетин билдиришти. Бул тууралуу Чоң жетиликтин каржы министрлери менен борбордук банк башчыларынын кечээ ишембиде Лондондо аяктаган жыйынынан соң айтылды. Бирок айрым эксперттер менен кайрымдуулук уюмдары мындай убада ишке ашарынан күмөн санашууда.

Дүйнөнүн байгер жети өлкөсү кирген топко азыр Британия төрагалык кылууда. Британия, Канада, Франция, Германия, Италия, Жапония жана АКШнын каржы мекемелеринин башчылары Лондондогу бул жолку кеңешмесинде дүйнөнүн өтө жакыр мамлекеттеринин Дүйнөлүк банк сыяктуу эл аралык каржы институттарынан алган 70 миллиард доллардай карызын 100%га кечүү багытында иштөөнү алгачкы жолу макулдашты. Бул негизинен Африка континентиндеги өлкөлөр менен байланышкан.

Британиянын жыйында төрагалык кылган каржы министри Гордон Браун Лондондогу пресс-конференцияда мындай деди:

- Биз карызы өтө көп жакыр өлкөлөрдүн айрымдарынын карызын 100%га кечүүгө ниеттүүбүз. Мындай сунуш Чоң жетиликтин жыйындарында алгачкы ирээт жасалды.

Британ министри белгилегендей, байгер өлкөлөрдүн британ башкалаасындагы бул жолку кездешүүсү тарыхка "карыздарды толук жоюуну жактырган саммит" катары кирмекчи жана карыздарды 100%га кечүү жөнүндөгү план "бай мамлекеттер жакырлардын үнүн угушу" . Министрлердин жыйындан кийинки билдирүүсүндө, айтылгандай ошол өтө жакыр жана карызкор деп эсептелген мамлекеттердин ар биринин жагдайы өзүнчө иликтенет.

Бирок, албетте, карыздарды кечүүнүн шарты экономикалык реформалардын жүргүзүлүшү болот. Чоң жетиликтин өлкөлөрү бул багытта Эл аралык валюта кору жана Дүйнөлүк банк менен иштешмекчи.

Британия Чоң жетиликтин бул кеңешмесине ошол кедей өлкөлөрдүн карыздарын жеңилдетүүнүн өздөрү иштеп чыккан схемасын да сунуш кылган эле. Лондондун сунушу эл аралык каржы рынокторун, Эл аралык валюта корунун алтын корун колдонуу менен Африка өлкөлөрүнө берилүүчү жардамды жылына дагы 50 миллиард долларга көбөйтүү.

Бирок, АКШ Британиянын мындай сунушуна каршы чыкты. Өлкөнүн каржы министри Жон Тейлор муну жогорудагыдай план Кошмо Штаттардын бюджет эрежелерине каршы келгендиги менен түшүндүрдү. Ал Лондондогу басма сөз жыйында белгилегендей, Вашингтон өтө жакыр мамлекеттерди карыздан арылтууну жактайт жана карыздарды кечүүнү, Дүйнөлүк банктын кредиттерин грантка айлантууну сунуш кылууда.

Лондондо жетишилген макулдашууга карабай, бир катар эл аралык кайрымдулук уюмдары анын аткарылышынан күмөн санашат. Алардын пикиринде, карыздардын 100%га жоюлушу мүмкүн эмес. Карыздарды кечүү маселе эми Чоң жетиликке өлкөлөр менен Орусия лидерлеринин быйыл майда кайра эле Британияда өтүүчү жыйынында каралмакчы.

Каржы мекеме башчыларынын Лондондогу кеңешмесинде башка экономикалык маселелердин катарында Кытайдын өз улуттук валютасы – юандын америкалык долларга карата курсун жасалма төмөндөтүп жатканы да талкууланды. Бул маселени кароо менен министрлер Кытайга юандын долларга карата курсун жасалма төмөндөтүүдөн баш тартуу жөнүндө кыйыр түрдө жаңы кайрылуу жасашты. Бирок эксперттер Пекин мындай кадамга барарынан шектенишет. АКШ менен Европанын көз карашында, Кытай улуттук валютасынын курсун жасалма кармоо менен дүйнөлүк базарда өз экспортуна адилетсиз артыкчылык берүүдө.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG