Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:07

РАЙСТЫН ЕВРОПА САПАРЫ, ИРАКТАГЫ ШАЙЛОО ЖАНА "АРГЫМАГЫ ЧОҢ КОВБОЙ”


Аким Өзгөн, Стамбул Ушул аптада батыштык басылмаларда көңүлдүн чордону АКШнын Мамкатчысы Кондолиза Райстын Европа жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө уланып жаткан саякаты, Ирактагы абал жана Грузия өкмөт башчысынын табышмактуу өлүмүнө бурулду.

Батыш басылмаларында АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райстын Европа жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө уланып жаткан сапары башкы көңүлдү бурду.

Германияда чыгуучу “Die Tageszeitung” гезити Иран, Сирия жана президент Буштун элге соңку кайрылуусу “Аргымагы чоң ковбой” деген макалада талдоого алынган. “Америкалык армия Ирак жана Ооганстандагы согуштук аракеттерден башын көтөрө албай жаткан менен президент Буш согуштук оюндарын жакын арада токтото турган түрү жок” деп жазат “Tageszeitung”.

Анда айтылган пикирге ылайык, “Буштун өлкөнүн абалы тууралуу кийинки кайрылуусунда Сириядан кеп башташы жакшы жөрөлгө эмес. Эми бутага Сирия же Иран, балким бүтүндөй Жакынкы Чыгыш алынабы, кеп анда эмес, кеп Жорж Буштун Ирак согушунан бери буга чейин болуп көрбөгөн ченемде аскердик интервенцияда кумарланып жаткандыгында” деп жазды аталган гезит.

Мамлекеттик катчы Кондолиза Райс айым Европа жана Жакынкы Чыгышка болгон саякаты учурунда Түркияга да келип, мамлекеттик жетекчилик менен жолукту. Варшавада болгон кезинде “эгерде Орусия Батыш менен мамилесин жакшыртууну кааласа, өлкөдөгү демократиянын солгундашын токтотушу керек” деп айткан Райс айым.

Анкарада Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров менен да учурашты. Түркияда чыгуучу “Milliyet” гезити жазганга караганда, Кондолиза Райс Сергей Лавров менен көрүшкөндө Варшавадагы сөзүн кайталап, орус өкмөтүнүн ЮКОС мунай компаниясына карата мамилеси, электрондук медиага салынган чектөөлөр, жергиликтүү бийликти түздөн түз дайындоо эркин колго алган Кремль, улам барган сайын авторитардык болуп бараткан орус бийлиги тууралуу Батыштагы кабатырлануулар жөнүндө сөз козгоду.

Кондолиза Райстын Анкарада Түркиянын Тышкы иштер министри Абдуллах Гүл менен болгон сүйлөшүүлөрү жана эки саясий ишмердин маалымат жыйынында айткандары “Hürriyet” гезитинин бүгүнкү санында биринчи беттеги маанилүү кабар катары берилген. Анда айтылганга ылайык, Райс айым Киркук шаары бардык ирактыктар биргеликте жанаша алчу бир шаар болушу керек экенин айткан. Ал ошондой эле Кипр маселесине да токтолуп, кипрдик түрктөргө карата эл аралык чаралардын жеңилдетилишин Вашингтон караштырып жатканын билдирген.

Германияда чыгуучу “Der Spiegel” жумалыгында Райстын Европа жана Жакынкы Чыгыш сапары тууралуу көлөмдүү макала жарыяланды. “Райс Кремлди нукка келтиргиси келет” деген макалада “Райс Варшавадан кийин Москвага сапар тартат” деген так эмес маалымат берилген.

“Der Spiegel” гезитинин ошол эле санында жарыяланган макалада “Ирактагы кырдаал боюнча так жана бетке таамай айткан бирден бир өлкө Түркия экени белгиленип, Түркиянын премьер- минитсри Рэжеп Тайып Эрдоган АКШны сынга алганы көрсөтүлгөн.

“Zaman” гезитинин жекшембидеги санында жазылганга ылайык, Ирактагы шайлоолордун жыйынтыгына карата Киркуктагы түркмөндөрдүн нааразылык акциялары уланып жатат. Ошондой эле шаарда абал оор бойдон калууда. “Zaman” гезити жазганга караганда, Ирак Түркмөн Фронту Мажилисинин төрагасы Саадеттин Эрдек шаардагы абалды “жарылууга даяр турган күкүкртүү кутучага” салыштырат. Ошондой эле аталган уюм шайлоо менен байланышкан арызды Жогорку шайлоо комиссиясына жөнөткөн.
XS
SM
MD
LG