Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:33

Казакстандын энергоресурстар жана минералдык суулар боюнча министри Владимир Школьник баштаган делегациясы дүйшөмбүдө Бишкекке шашылыш келген. Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда суу-кубат режимин сактоо жөнүндөгү протоколго бүгүн (7-февралда) кол коюлду. Бирок айрым байкоочулар муну менен эки өлкө ортосундагы суу чатагына чекит коюлган жок дешет.

Делегация менен адегенде биринчи вице-премьер министр Кубанычбек Жумалиев баштаган топ сүйлөштү. Сүйлөшүү алдында Казакстандын отун ресурстар жана минерал суулары боюнча министри Владимир Школьниктин билдиргенге караганда, делегациянын шашылып келишине Казакстандын Шардара суу сактагычындагы суунун ашып-ташыганы башкы себеп болду:

- Биздин шашылып жана тез келишибизге суунун буга чейин болуп көрбөгөндөй көп болуп кетиши түрткү берди. Азыр Шардара суу сактагычына куюп жаткан суунун көлөмү секундасына бир жарым миң кубметрге жетип жатат. Аны Өзбекстандын Арнасай куймасына жибере албагандыгыбыз жана аба ырайынын өтө суук болуп жаткандыгы кошумча болуп,акыбалды кыйындатып жатат. Сырдарьянын Кызылордонун жогор жагындагы суусу тоңуп калды. Кечээки эсеп боюнча тоңгон суунун узундугу 300 чакырымга жетти. Азыр суу сактагычтын айланасындагы айылдарды суу каптап баратат жана чоң суу каптоо коркунучу жогору болуп турат.

Казакстандын министри Школьниктин айтымында, Шардара суу сактагычындагы суунун көлөмү суткасына 60 миллион куб метрге көбөйүп жатат. Учурда көлөмү 4 миллиард 700 миллион куб метр болуп турган суунун 13-февралга чейин 5 миллиардга жетип, айлананы каптап кетиши толук мүмкүн.

Кыргызстандын биринчи вице-премьер министри Кубанычбек Жумалиев баштаган тарап менен алгачкы сүйлөшүү жабык эшик артында өтүп, ал бир саатча созулду. Бирок, эки тарап бир пикирге келе албай маселени чечүү жолун аныктоо түшкө чейин эки өлкөнүн эксперттерине тапшырылды.

Сүйлөшүүдөн кийин Казакстандын энергоресурстар министри Владимир Школьниктин билдиргенге караганда, казак тарап Токтогул суу сактагычынан Казакстанга кетип жаткан суунун көлөмүн былтыр май жана сентябрь айларында эки өлкө кол койгон макулдашууларда көрсөтүлгөн көлөмгө чейин түшүрүүнү сунуш кылды:

- Менин оюмча, бул жерде маселени чечүүнүн жаңы жолун издештин кажети жок. Болгону өткөн жылдын май айында кол коюлган макулдашууну жана 14-сентябрда кабылданган протоколду аткаруу керек.

Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда былтыр кол коюлган макулдашуулар боюнча, кыргыз тарап Токтогул суу сактагычынан секундасына кеткен суунун көлөмүн 600 куб метрден ашырбашы керек. Азыр электр энергиясына муктаждык жогорулап, аны көп өндүрүүдөн улам секундасына 700 куб метр суу кетип жатат.

Владимир Школьниктин айтымында, кыргыз тарап суунун көлөмүн азайтуу үчүн көмүр, газ жана мазут берүүнү өтүнгөн.

Көмүрдү каалашынча сатып алсо болот деген Школьник Казакстан газдан жардам бере албасын, себеби Өзбекстандан Казакстанга Кыргызстан аркылуу кетип жаткан газды уруксатсыз алып жагуудан эле Кыргызстан 13 миллион 700 миң доллар карыз болгондугун жарыя кылды.

Андан соң делегация менен премьер-министр Николай Танаев,биринчи вице-премьер министр Кубанычбек Жумалиев сүйлөштү. Анын аягында эки өлкөнүн ортосунда суу-энергетикалык режимди сактоо жөнүндөгү протоколго кол коюлду. Бирок, протоколдо камтылган милдеттер тууралуу азырынча толук маалымат бериле элек.

Кыргыз Улуттук Илимдер Академиясынын суу ресурстар илим изилдөө институтунун директору, академик Дүйшөн Маматкановдун айтымында, маселени толук чечүү үчүн кыргыз тарап Токтогул суу сактагычын иштетүүгө кеткен чыгымды толтурууну коңшулардан талап кылуусу зарыл:

- Биз жыл сайын Токтогул суу сактагычы үчүн 150 миллион доллар сарптайбыз. Эгерде Өзбекстан менен Казакстан жылына 150 миллион доллар берип турса, биз ошого көмүр, газ жана мазут алат элек. Керектүү отун алгандан кийин биз алардын каалашы боюнча суу жиберип турат элек. Ошондо маселе чечилип, тигилер да, биз дагы тынчыйт элек.

Дүйшөн Мамыткановдун баамында, кыргыз тарап коңшуларды чыгымды төлөөнү экономикалык жактан негиздеп, ынандырышы керек:

- Биздикилер маселени негиздеп, механизмин тактап бере албай жатат. Сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндөрдүн баары жөн гана мамлекеттик кызматкерлер же суу тармагында иштеген адистер. Суу боюнча чыныгы адистер жок, алар маселени экономикалык жактан мыкты негиздер бергенде казак тарап акыр ынанат эле.
XS
SM
MD
LG