Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:37

Аксы окуясы боюнча арыз БУУ комитетинде каралат


БИШКЕК. Аксы окуясында жабырланган атуулдардын арызы келечекте БУУнун адам укуктары боюнча комитетинде каралат. Бул тууралуу Аксы окуясында жабырлангандардын актоочусу Сарпай Жайчибеков «Азаттыктын» кабарчысына билдирди. Анын айтымында, ал буга чейин Аксы окуясында жабырланган атуулдардын атынан БУУга арыз жолдогон. Аталган эл аралык уюмдан Српай Жайчибеков жөнөткөн арыз кабыл алынгандыгын тастыктаган маалымат келген.

2002-жылдын март айында тартип коргоо орган өкүлдөрү менен карапайым элдин ортосунда кагылышуу болуп, милиция кызматкерлеринин аткан огунан беш адам каза болгон. Көп өтпөй каза болгон атуулдардын жакындары элди аттырган бийлик өкүлдөрүн жазалоо өтүнүчү менен кыргыз сотторуна кайрылышкан. Кыргызстандын соттун бардык инстанциялары Аксы окуясында жабырлангандардын талабын канааттандырган эмес. Андан соң алар бул маселе боюнча эл аралык уюмдарга кайрыла тургандыгын жарыялашкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG