Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:08

Чечен козголоңчулары Орусия менен сүйлөшүү баштоого ниеттенүүдө


Чечен сеператисттеринин жол башчысы Аслан Масхадов ок атышууну бир тараптуу токтотууга буйрук берген эле. Бүгүн «Коммерсант» гезитинде жарыяланып жаткан маегинде Масхадов чет өлкөдөгү маалымат катчысы Умар Хамбиевди Маскөө менен сүйлөшүү жүргүзө турган өкүлчүлүктү жетектөөгө дайындаганын билдирди.

Масхадов Орусиядан тиешелүү жооп алууга үмүттөнөт. Кремль азырынча эч кандай билдирүү жасай элек. Чеченстандын Орусия колдогон өкмөтү Масхадовдун сунушун коомдук пикирди бурмалоо аракети деп баалады. Ошол эле убакта Чеченстандын ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Лилия Тенгиева козголоңчулар убактылуу элдешүүнүн шартын сактап жатышканын «Ассошиейтед Пресс» агенттигине билдирди.

XS
SM
MD
LG