Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:43

Израил менен палестиндер АКШнын сүйлөшүү сунушун кабыл алышты


Бул тууралуу Кошмо Штаттарынын Мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс билдирди:

- Мен президент Буштун келерки жазда жолугушууга чакыруусун Израилдин премьер-министри Ариэл Шаронго жана палестин президенти Махмуд Аббаска тапшырдым, экөө тең кабыл алышты. Иордандын падышасы Абдулла да март айында Кошмо Штаттарына келет, - деди Тел-Авивдин аба бекетиндеги пресс- конференцияда Кондолиза Райс.
Мамкатчы Израилде жана Батыш Жээкте болду.
Ал Вашингтондун администрациясы Израил менен палестиндердин тынчтык сүйлөшүүсүн координациялоого атайын коопсуздук өкүлүн дайындап жаткандыгын бышыктады.

XS
SM
MD
LG