Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:17

ТОПОН СУУ ЖАНА МУЗЫКА


Кубат Оторбаев, Прага Декабрда Түштүк Азияда болгон топон суудан 300 миңдей адамдын өмүрү кыйылып, адамзаттын башына чоң кайгы түшкөнү белгилүү. Айрым маалыматтар боюнча кырсыктан жапа чеккендерге карапайым адамдардын эле берген жардамы 10 миллион доллардан ашыптыр. Башкалардай сыяктуу эле дүйнөнүн ар кайсы мамлекеттериндеги музыканттар дагы көмөк көрсөтүүдөн четте калышкан жок.

Түштүк Азиядагы топон суудан жапа чеккендерге арналып өткөрүлгөн чоң концерттердин бири 3-февралда Бангкок шаарында болду. Ага эларалык MTV телеканалы демөөрчүлүк кылып, уюштурду. Бул концертти америкалык атактуу ырчы Алисия Кейс ачты, анын сөзүн болсо Аша Бхосле ыр менен коштоп кетти:

Сувадикаа, - деп тай тилинде “саламатсыздарбы” деген учурашуу сөзү менен баштады Алисия айым, - Алты апта мурда Азиянын жакынкы тарыхында дүйнө эң калабалуу кырсыкты баштан кечирди. Адамзат мурда болуп көрбөгөндөй ынтымак-ымалага келди. Ооба, акча көп эле түштү, бирок каражат дагы керек.

Ал концертке Кошмо Штаттарынан тартып Азияга чейинки континенттердин музыкалары жаңырды. Атап айтканда инди классикалык музыкасынын көрүнүктүү өкүлү Аша Бхосле талантын көргөздү. Мындай жол менен дүйнөнүн баардык булуң-бурчтарындагы музыканттар акча чогултуп, аны суу каптоодон жабыркагандардын эсебине которуп турду.

Башка бир ырчылар болсо цунаминин курмандыктарынын элесине арнап музыка жаратышты. Атап айтканда ушул тапта Улуу Британияда эң белгилүү болуп жаткан “Кайгы эч убакта унутулбайт” аттуу ырды Майк Рид жазган. Аны белгилүү ырчылар Бой Жорж жана бир туугандар Робин менен Барри Жиббтер аткарган.

Дегеле, поп-музыканттар кырсыктан жапа чеккендерге дайыма биринчилерден болуп жардам берет. 1980-жылдарда Эфиопияда ачкачылыктан кырылып жаткандарга акча топтоо максатында да музыканттар акция өткөрүшкөн болчу. 20 жыл өткөндөн кийин ошол кезде элге белгилүү болгон “Дүйнө бул – бизбиз!” деген ыр цунамиден жапа чеккендеге каражат топтоо максатында кайрадан жаңырды.

Ал эми ислам динине мындан 25 жыл мурда өткөн Кет Стивенс ушул айда “Инди океаны” деген ырын угармандарга сунуш кылганы турат. Ал чыгарма, албетте, топон суудан жабыркагандарга арналат.

Кошмо Штаттарынын ырчылары болсо өткөн аптада Нешвил шаарында чоң концерт коюшуп, миңдеген доллар акча топтошту. Малайзияда дагы 100дөн ашуун музыканттар январь айында чогулушуп, акция өткөрүштү.

Бул демилге-аракеттердин баардыгы ырчылардын боорукерлигинен жана таза жан-дүйнөсүнөн кабар берип турганы жашыруун эмес. Улуу Британиядагы Лидс университетинде поп-музыка боюнча окутуучу болуп иштеген Аллан Гринвуд 26-декабрдагы кырсык майрамдар учурунда болду, ошол себептен ырчылар ага эки эсе көңүл бурушту деген ойдо:

Суу каптоо Иса пайгамбардын туулган күнүнө жана башка майрамдарга байланыштуу эл эс алып жаткан убакта болду. Ал күндөрү ырчылар адатта гостролго чыкпай, ыр жаздырбай, үй-бүлө, жакындары менен болушат. Анан эле капысынан баардык адамзатты ойго салган ушундай кырсык жүз бергенде алар: “Кой, мен да буга жардам берип, үлүшүмдү кошпосом уят”, деп ойлонгонго убактылары болду.

26-декабрдагы топон суу каптоодон бери 6 апта өттү. Элдин баары цунами темасынан чарчагандай болду. Бирок “үмүт чарчабайт” демекчи, макалабызды Австралияда жаралган “Үмүттүн ыры” деп аталган чыгарма менен аяктайлы.
XS
SM
MD
LG