Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:47

ЧЕЧЕН СОГУШУ: МОСКВА ЖАНА МАСХАДОВ


Чечен жикчилери соңку күндөрү бир тараптуу өздөрү жарыялаган кан төгүүнү токтотуу сунушун карманууда. Козголоңчулардын лидери Аслан Масхадов менен талаа командири Шамил Басаев жар салган бул сунуш чечен жергесине биротоло бейпилдик орното алабы? Москва бул демилгени козголоңчулардын "элдин көзүн жазгырууну көздөгөн" кадамы катары баалап, азырынча алар менен сүйлөшүү ниетин билдирген жок.

Эң башкысы, азырынча чечен козголоңчулары 2-февралда жарыялаган кан төгүүнү токтотуу жараяны сакталууда. Аслан Масхадовдун атынан таратылган билдирүүдө жикчилер 22-февралга чейин ок ачпайбыз деп сөз беришкен. Чөлкөмдө ошондон бери ок атылбаганын Орусиянын федералдык күчтөрү ырастоодо.

Москва Масхадовдун бул сунушуна карата ырасмий жооп берген жок, бирок Чеченстандын президенти Алу Алханов өткөн ишембиде козголоңчулардын лидерлери чындап тынчтыкты кааласа, куралын таштап, колго түшүп бериши керек деп билдирди.


Орусиялык "Коммерсант" гезитининин дүйшөмбү күнкү санында жарыяланган интервьюсунда Аслан Масхадов Кремлден жооп күтүп жатканын айткан. Ал орусиялык жетекчилер белгиленген мөөнөттө, тактап айтканда 22-февралга чейин сүйлөшүүлөр баштоого макул болсо, сепаратисттердин делегациясын өзүнүн басма сөз катчысы Умар Хамбиев жетектеп бараарын кабарлаган. Хамбиев "Азаттыктын" кабарчысы менен болгон маегинде сүйлөшүүлөр эң ириде Кремлдин кызыкчылыгына төп келээрин эскертти:

- Биз баштагыдай эле качан болбосун сүйлөшүүгө даярбыз. Сепаратисттер – элге сүрөттөп айткан адамдардан чынында таптакыр башкача. Азыр болсо да сүйлөшүүлөр баштап, ортодогу маселелерди чечкибиз келет. Антпесе, бул согуш Орусия каалагандай ыкмалар менен эч убакта бүтпөйт, мындай жол – Орусиянын өзү үчүн өтө кооптуу.


Чечен жикчилеринин басма сөз өкүлү Хамбиев эгерде Москва сүйлөшүүдөн баш тартса, куралдуу эрегишти уланта беребиз деп кошумчалай кетти. Ошондой эле сепаратисттер көз карандысыз Чеченстан идеясына байланып калган жери жок, "келечекте чечен эли жок болбойт деген кепилдикке" гана муктаж деп басым жасады.

- Ал кандай кепилдик болот – бул сүйлөшүүгө катышчу адамдар талкуулап-тапчу иш. Эгерде каршылаш тарап "көз карандысыздык" деген сөздү кабыл албаса, биз аны башка сөз менен алмаштыруудан качпайбыз. Биздин президентибиз Масхадов – Орусиянын президенти макул болсо, 30 мүнөт гана сүйлөшүп, согушту токтотууга болот деп бекер жеринен айткан жок, - дейт чечен жикчилеринин өкүлү.

Хамбиев москвалык гезиттердеги "козголоңчулардын командири Шамил Басаев өлдү" деген маалыматтарды төгүндөдү. Басаев Орусиядагы бир катар теракттар үчүн жоопкерчиликти өзүнө алган, андай кандуу окуялардын катарында өткөн сентябрь айында Бесланда 320дан ашуун адамдын өмүрүн алган барымта кризиси да бар.

Басаев жөнүндө көбүрөөк айтуудан оолактаган Умар Хамбиев чечен жикчилеринин лидери Аслан Масхадовдун Кремль менен сүйлөшүү өткөрүүгө укугу бар адам экендигин белгиледи.


Орусиялык байкоочулар Москва Масхадовду чечен жикчилеринин башкы лидери катары тааныбай калганын айтышат. Москвадагы эл аралык мамилелер институтунун эксперти Кирилл Коктыштын пикири муну ырастайт:

- Масхадов айрым козголоңчуларды башкарат, бирок маселе – ал андай жетекчилердин бири болуп калганында. Чеченстан учурда кайсы бир топ экинчи топко каршы, кландар, тайпалар бири-бирине каршы күрөшкөн аймакка айланды.

Коктыштын бул айтканын ырастап, Москвалык эксперттердин көбү Масхадовдун айтканындай эле Чеченстанда бейпилдик болуп калаарына ишенбестигин, кырдаал чынында жикчилерге чет өлкөдөн жөнөтүлчү жардамга көз каранды экенин белгилешет.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG