Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:48

ДЕЙВИД КЭЙ: “АКШ ИРАКТАГЫ КАТАСЫН ИРАНДА КАЙТАЛАБАШЫ КЕРЕК.”


Мындан эки жыл илгери дал ушул тапта АКШнын президенти Жорж Буштун администрациясы Иракка кол салуунун зарылчылыгын дүйнөгө далилдеп жаткан кез эле. Вашингтон келтирген аргументтердин негизгиси Саддам Хусейндин массалык кыргын куралы бар деген теген ырастоо болгон. Ушул күндөрү кыргын куралына байланышкан тынчсыздануу Ирактын коңшусу Иран тарапка оошту. Кошмо Штаттары "Тегеран тымызын ядролук курал жасап жатат" деп айтып жатат. Америкалык бийлик өкүлдөрү "Иранга каршы күч колдонуу планда жок" деп ырасташканы менен, көп байкоочуларга Вашингтондон чыккан кеп Иракка кол салуунун алдындагыдай кооптуу жаңырык болуп туйулууда. Иранга кол салууга шашылбоого чакырган таасирлүү адамдардын бири - Буш администрациясынын Ирактагы курал адистеринин мурдагы жетекчиси Дейвид Кей.

Дейвид Кейдин ишениминде, Буш администрациясынын Иран тууралуу бүгүнкү риторикасы эки жыл мурда Ирак жөнүндөгү ырастоолору менен үндөшүп турат:

- Азыркысын Ирактагы куралдуу өнөктүккө алып келген сөздөрдөн айрып болбойт: вице-президенттин катуу айткандары, мурдагы жана азыркы мамкатчылар Колин Пауэл менен Кондолиза Райстын сүргүндөгү иран атуулдарынын ядролук программа бар дегенине таянышканы, Бириккен Улуттар уюмунун Ирандын ядролук программасын улантып жатканын далилдей алаарына ишенбөөчүлүк, мына ушунун баары Ирак согушуна чейинки сөздөргө куюп койгондой окшош.

Ирак согушун Кошмо Штаттары Саддамдын кыргын куралдарын жок кылуу зарылдыгы менен негиздеген. Дейвид Кейдин милдети ошол программаны табуу эле, бирок Саддам Хусейндин жашыруун куралы жок экендиги айкын болгондон кийин, Кей отставкага кеткен.

Ушул жумада Вашингтон Постто жарыялаган макаласында Кей «чет жактарда жашаган ирандык диссиденттердин Ирандын ядролук программасы бар деген ырастоосуна аяр мамиле кылуу керек, америкалык ырасмий өкүлдөр ошондой эле Иран тууралуу уу-дуу сөз чыгаруудан сактанышы зарыл» деп жазды. Кей ошондой эле Бириккен Улуттардын Эл аралык Атомдук Энергетика агенттигин жашыруун курал программаларынын бетин ачуу боюнча эң чыгаан агенттик деп атап, Кошмо Штаттарын анын кызматкерлерин кекетип, кемсинткенин токтотууга чакырды.

Дейвид Кейдин шектенүүсүндө, Вашингтон Ирандын учурдагы бийлигине кастарын тиккендигин жымсалдоо үчүн, анын ядролук куралы бар деген шекшинүүгө кошумча, өлкөдө адам укуктарынын абалына сын айтууда.

Жакында мисалы жаңы бекиген мамкатчы Кондолиза Райс "Ирандагы укуктук абал адамдын кускусун келтирет" деп айтты. Дейвид Кейдин пикиринде, Кошмо Штаттары Иранда ядролук курал табылбай калган учурга камданып, согуш ачууга кошумча шылтоо издеп жатат. Анын айтымында, минтип ар кыл шылтоо издөө башка өлкөлөрдү да, БУУнун Коопсуздук кеңешин да Иранга каршы согуш ачуу демилгесин колдоого көндүрө албайт:

- Эл аралык коалиция курап, Бириккен Улуттар уюму аркылуу өз чабуулун мыйзамдаштыруу үчүн, Буштун администрациясына массалык кыргын куралынын айланасындагы уу-дуу сөздү дагы көбүртүп, жабыртууга туура келет. Кыргын куралдын бар экенин далилдөө кыйын экенин билип деле калгансыдык. Көп өлкөлөр буга ынанбайт, башкача айтканда дал эле Ирактагыдай кырдаал түзүлөт.

«Вашингтон Пост» гезитинде Кей кыргын куралы бар Иран дүйнөгө зор коркунуч келтирээринде күмөн жок деп жазды, ошол эле убакта Ирандын ядролук куралына тийешелүү баа берип, согуш ачуудан башка жол менен абалдан чыгаа алаарын Буштун администрациясы далилдей элек экендигин белгиледи.

XS
SM
MD
LG