Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:56

АМЕРИКАДАГЫ “КЕНЕДЕЙ РОБОТТОР” МЕДИЦИНАДА ТӨҢКӨРҮШ ЖАСАШЫ МҮМКҮН


Төрөкул Дооров, Прага Лос Анжелестеги Калифорния университетинин окумуштуулары “кенедей роботту” жасап чыгышты. Келемиштин жүрөгүнөн жасалган бул роботтор адамдын сөөгүнө тиркелип, тарамыш-булчундун клеткасынын күчү менен жашайт экен. Анын пайдасы адамды түрдүү зыяндуу оорулардан айыктырып турушунда. Адистер азыртадан эле тырнактай роботтун “тоодой” пайдасы бар экенин айтып жатышат.

Бул микроскопиялык роботтор адамдын чачынын диаметринин өлчөмүндө жасалган. Алардын клеткалары жаратылышта суу бүргөсүнүн клеткасына окшош.

Бул машина, же аппарат кадимки келемиштин жүрөгүнөн жасалат. Алар эч кандай тышкы күчтөргө карабай эле, эркин кыймылдай беришет.

“Био-робот” деп атала баштаган адамдын колунан жасалган бул “макулдуктардын” чындап эле тирүү деп атаганга болобу? Лос-Анжелестеги Калифорния университетинин профессору Карло Монтемагно жооп берет.

- Булар, албетте, тирүү. Алар гибриттештирүү ишининин негизинде жаралган жаныбарлар. Алар жашайт да, ошол эле учурда жашабайт. Мисалы, сиздин деле сөөгүңүз тирүү болбогону менен, булчуңдарыңыз тирүү го. Алар, мисалы, жасалма жамбаш койдуруп алган адамдар сымал. Бирок биз жасалма жамбаштан көрө, сөөктү толук алмаштырганды каалайбыз, - дейт профессор Карло Монтемагно.

Бул долбоор алгач АКШнын NASA - космостук агенттиги үчүн иштелген. Анын максаты болочокто астронавттарга изилдөө иштеринде жардам берүү эле.

Роботтор астронавттар үчүн адам космоско саякатын баштагандан аягына чейин бул жүктү анын булчуңдары басымды кандай көтөрө алаарын билүү үчүн керек.

Кенедей роботтун азырынча дал ушул келемиштин жүрөк бөлүкчөлөрүнөн турганы да бекеринен эмес. Анткени алардын кубаты күчтүү болот жана кайра ойготуу үчүн электр стимуляциясынын жардамына муктаж эмес.

Канткен менен профессор Монтемагнонун айтымында, ал жана анын жардамчылары болочокто роботторду эми адамдын жүрөк клеткаларынан жасоону максат кылышууда.

- Бир аз узагыраак мөөнөткө эсептелген пландарыбыздан айтсам, биз бул роботтордун жардамы менен электр энергиясын жаратууну ойлонуштуруп жатабыз. Анда сиз роботту денеңиздин ичинде тиркеп койсоңуз, ал кандын нормалдуу айланышын камсыздап эле калбастан, электр кубатын да жаратат. Жыйынтыгында, адамдын өзүнүн эле күчү менен анын өзүнө компьютер койуп, иштетсе болот.- дейт профессор Монтемагно.

Тырнактай бул роботтордун өнүгүүсү медицинада төңкөрүш жасай тургандай окуя болушу ыктымал.

Айтсак, алар омурткага доо кеткенден жүлүндө пайда болуучу айрым оорулардан кыйналып жүргөн адамдарга жардамы чоң экен. Анткени алар дем алуунун кардиограммасын текшергенде, бул ооруунун өзү мээнин ишине тоскоолдук кылып, кардиограмманы жаман берип калышы мүмкүн. Ал эми аталган роботтор бул учурда мээнин ишин жакшыртып, оорулуунун дартына так диагноз берүүгө шарт түзөт.

Анткен менен айрым башка окумуштуулар, бул өңдүү тажрыйбалар акыр бир күн коркунучтуу натыйжа бериши мүмкүн экендигин айтып, андан оолак болууга чакырышууда. Алар бул тажрыйбаны кеңири колдонууга чейин аны жакшылап изилдеп бүтүү зарылдыгын айтып жатышат.
XS
SM
MD
LG