Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:33

Курманбек Бакиев президентке арыз жолдоду


БИШКЕК. Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты, №25 Караүңкүр шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Курманбек Бакиев президент Аскар Акаевге, Борборшайлооком төрагасына жана башкы прокуратурага арыз менен кайрылды. Анда Тогузторо районунун акими Биймырза Бектенов «Шайлоо кодексин» бузуу менен шайлоо жараянына кийлигишип жатканы айтылган. Арызда аким райондук бир катар жетекчилерден турган демилгелүү топ түзүп, ал аркылуу үгүт иштерин жүргүзүп жатканы белгиленген. Мындай мыйзамсыз иштерге нааразылык билдирүү менен Тогузторо районунун акиминин орун басары Таалайбек Өмүрбектегин кызматтан кетүүгө арыз жазган. Курманбек Бакиев өз арызында мыйзам бузууларга чара көрүүнү өтүнгөн. Борбордук шайлоо комиссиясы 8- февралда Бакиевдин арызы тууралуу азырынча маалымат жоктугун билдирди.

XS
SM
MD
LG