Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:52

Эки элчи экс- элчилерди коргоду


БИШКЕК. Кыргызстандын мурунку элчилерин талапкер катары шайлоого катыштырбоо алардын атуулдук укуктарын басмырлоо болот жана улуттук да, эл аралык да мыйзамдардын талаптарына туура келбейт. Мындай пикирин Кыргызстандын Индиядагы элчиси Бакыт Бешимов Тышкы иштер министрлигине жазган жооп катында билдирген. Ал каттын көчүрмөсү 8-февралда «Азаттык» радиосуна түштү. Тышкы иштер министрлиги 20- январда өткөн коллегиясында чет өлкөлөрдө кызмат кылып жаткан элчилерден Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болууга умтулган мурунку дипломаттардын аракетине баа берүүнү суранган. Элчилердин ичинен Бакыт Бешимов жана Тажикстандагы элчи Мирослав Ниязов гана мурунку элчилердин укугун коргоп чыгышкан. Тышкы иштер министрлиги элчилердин каты тууралуу кандайдыр бир маалымат берүүдөн баш тартты.

XS
SM
MD
LG