Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:56

Бейөкмөт уюмдар бийликке нааразы


БИШКЕК. Кыргызстандын аткаруу бийлиги элди өзү кыжырдантып, революция жасоого өзү түртүп жатат. Мындай билдирүүнү «Эрайым» коомдук бирикмесинин жетекчиси Ракыя Жусупова 8-февралда “АКИ-пресс” агенттигинде жасады. Анын пикири боюнча, буга «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун демилгеси менен Ош шаарында өткөн «Демократиянын таңсыктыгы жана анын себептери» деген форумга байланышкан чатак далил. «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун жетекчисинин орун басары Марат Казакбаевдин пикиринде, бийлик форумду болтурбоо үчүн атайын күн мурунтан даярданган. “Муну Улуттук коопсуздук кызматкерлеринин форумга Бишкектен барган бейөкмөт уюм өкүлдөрүн аэропорттон түшкөндөн тартып көз салып жүргөнү айгинелейт” дейт Марат Казакбаев. Ош облустук китепканасынын жетекчиси мурдатан макулдашылганга карабай форумду өткөрүүдөн баш тартышын, форумду уюштуруучулардын бири Алишер Токсонбаевди башка-көзгө койгулап жатканда милициянын ажыраштырып койбогонун да мисал кылды. Ал эми Ош облустук китепканасынын жетекчиси Бактыгүл Мырзаева “Азаттыкка” форумду өткөрүү боюнча келишим түзүлбөгөндүгүн жана ага бийлик эч кандай кысым көрсөтпөгөндүгүн билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG