Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:26

С. ИМАНБАЕВ: “ШАЙЛОО АДИЛЕТ ӨТӨТ, БИРОК…”


Парламенттик шайлоодо Кыргызстан элдеринин ассамблеясы менен Демократиялык коопсуздук боюнча коомдук кеңеш байкоочу болору дайын болду. Ал эми Акыйкатчы институтунун байкоочу болушуна мыйзам жол бербейт. Парламенттик шайлоого байланышкан ушул өңдүү маселелер Бишкекте 8-февралда өткөн “тегерек үстөлдө” талкууланды.

«Ачык, акыйкат шайлоо үчүн» деп аталган бул “тегерек үстөлдү” Демократиялык коопсуздук боюнча коомдук кеңеш менен Кыргызстан элдеринин ассамблеясы биргелешип уюштурду. Анда парламенттик шайлоого даярдык тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаев маалымат берди. Анын пикиринде, парламенттик шайлоонун ачык-айкын өтөрүндө шек жок:

- Шайлоо чынчыл жана акыйкат өтөрүнө толук ишенебиз. Бирок, шайлоо чыр-чатаксыз болбой турганын биз эске алышыбыз керек. Бийлик үчүн күрөш болуп атат. Ар кыл саясий тараптардын саясий кызыкчылыктары кагылышып жатат. Кыргызда айтылгандай, бийлик, байлык, өмүр дегенге адам баласы тойбойт.

Иманбаевдин айтымында, депутат болууну каалап арыз бергендердин санын кемитпей, элдин тандоосуна чейин жеткирүү БШКнын башкы максаты болду. Ага жараша 5 дипломатты, акыркы беш жыл бою эч жерде каттоодо турбаган бир жаранды жана өз эрки менен баш тарткандарды эске албаганда, арыз бергендердин дээрлик бардыгы катталды.

БШК төрагасынын айтымында, дипломаттарга байланышкан жагдай башка:

- Мыйзам деген мыйзам. Бул жобо Конституцияда да бар, биздин кодекске да киргизилген. Ошого байланыштуу шайлоо комиссиялары мыйзамдан четтөөгө, өз алдынча кимдир бирөөгө артыкчылык берүүгө укугу жок.

Бирок, БШКнын мындай негиздемелери каттоого алынбай калган Роза Отунбаева, Медеткан Шеримкулов, Үсөн Сыдыков, Мамбетжунус Абылов, Болот Шамшиев өңдүү экс-элчилерди ынандырган жери жок. Муну ырасмий бийликтин тапшырмасы катары санаган мурдагы элчилер маселени соттордо териштирип жатышат. Алардын укуктарын коргоо үчүн эл аралык уюмдарга чейин баруу ойлору бар.

Ошентип, шайлоого катышууга белсенген талапкерлердин саны 420 болду. Анын 75и азыркы иштеп жаткан кош палатанын депутаттары. 78и саясий партиялардын атынан катышууда. БШКнын эсебине караганда, орточо эсеп менен алганда ар бир шайлоо округуна 6дан талапкер туура келет. “Тегерек үстөлдү” уюштуруучулардын баамында мындай шартта байкоочулардын милдети чоң.

Маселен, Демократиялык коопсуздук боюнча коомдук кеңештин төрагасы Мирсаид Миррахимовдун айтымында, «кеңештин өкүлдөру жер-жерлерде добуш берүү күнү байкоо жүргүзүшөт». Ушундай эле оюн Кыргызстан элдери ассамблеясынын башчысы, Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Иса Токоев да билдирди. Анын айтымында, калктын 37% кыргыз эместер түзөт, ошондуктан, ассамблеянын тутумундагы бардык улуттук борборлор байкоочу болууга даярдык көрүүдө.

Бирок, байкоочусун тигил же бул тарап мыйзам уруксат берген шартта гана шайлоого катыштыра алат. Мындай оюн Иманбаев Кыргызстан Акыйкатчысы менен БШК ортосунда ушул өңүттө пайда болгон пикир келишпестикти эске алып айтты. Анын айтымында, мыйзамда Акыйкатчыга мындай укук ыйгарылган эмес. Прокуратура, тартип коргоо органдары сыяктуу эле байкоочуларды жиберүүгө да анын акысы жок. Анткен менен Кыргызстандын Конституциясына таянган Акыйкатчы бир күн мурда уюштурган маалымат жыйынында добуш берүү учурунда байкоочу болоруна ишеним билдирген :

- Конституция мыйзамдан жогору турат. Ошондуктан, Кыргызстандын Акыйкатчысы катары мен жана менин кызматкерлерим Кыргызстан боюнча шайлоо процессине көзөмөлдүк кылат.

Сулайман Иманбаев болсо “тегерек үстөлдө” Конституция жалпы жарандык мыйзам экенин белгилеп, омбудсмен «Акыйкатчы жөнүндөгү» мыйзамдын тикелей жетегинде иштейт дейт:

- Ал мыйзамда омбудсмен ишин кантип жүргүзөрү, уюштурары көрсөтүлгөн. Ошондо жазылгандай, эгерде жарандардын, биздин эле эмес, чет өлкөлүк жарандардын арыздары болсо, суроолору болсо, алардын мамлекеттик органдарга же жергиликтүү органдарга болгон арыздарын карайт. Ал эми окургдук, участкалык шайлоо комиссиялары мамлекеттик да, муниципалдык-жергиликтүү да орган эмес. Ошондуктан, алар бул маселени карабайт.

Сулайман Иманбаев “тегерек үстөлдө” билдиргенге караганда, алдыдагы парламенттик шайлоо 170 чамалаш байкоочунун көзөмөлүндө өтөт. Ал эми демократиялык коопсуздук кеңешинин мүчөсү Осмон Тогусаковдун пикиринде, шайлоо мыйзам чегинде өтөт жана Кыргызстанда ар кыл түстүү ыңкылаптар, тирешүүлөр болбойт.

Ушундай маанайда жыйынтыкталган “тегерек үстөлдү” айрым байкоочулар азыркы бийлик колдоп келаткан коомдук уюмдардын бийликтин кызыкчылыгында уюштурган иш чарасы катары баалашты.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG