Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:45

“Бишкек” мейманкасы оңдолот. “Алатоо” карыз бойдон


БИШКЕК. Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитет менен Каржы министрлиги Бишкектеги «Алатоо» мейманканасын сатып, анын карызын 25-30 жылдын аралыгында төлөтүү маселесин талкуулап жатат. Бирок, аны ким сатып алаары азырынча белгисиз. Бул тууралуу 8-февралда «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында мамлекеттик мүлктү башкаруу комитет төрагасынын милдетин аткаруучу Турсун Турдумамбетов билдирди. Анын айтымында, мейманкана өткөн жылдарда бир нече жолу сатууга коюлган менен сатып алууга эч ким ниеттенген жери жок. Буга мейманкананын ремонт жана эмерек сатып алууга кеткен 5 жарым миллион евро карызы себеп. Бирок, өкмөт аны сатып, быйыл 24 миллион сом алаарын болжолдоп турат. Турсун Турдумамбетов билдиргенге караганда, 2000-жылдан бери оңдолбой жаткан «Бишкек» мейманаканасын малазиялык «Аян Хотец» аттуу компания алдыдагы эки жылда оңдоп чыгаары күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG