Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:17

Аксы окуясында милиция кызматкерлеринин огунан набыт кеткен беш адамдын жакындары Кыргызстандагы бардык сот инстанцияларына кайрылып, адилеттикке жете алышкан эмес. Жабырлануучулардын жактоочусу Сартпай Жайчыбеков алардын атынан БУУ нун адам укуктарын коргоо комитетине арыз жолдогон. Жакында аталган комитеттин жетекчиси Мариа Франсиссе Ир Чарри айымдан арыз карала баштагандыгы тууралуу жооп келди.

Сартпай Жайчыбеков 2002-жылы Аксы окуясында каза болгондордун жакындарынын жана жаракат алгандардын атынан БУУнун адам укуктарын коргоо комитетине арыз жиберген. Адвокат айтымында, жабырлануучулар Аксы окуясы боюнча тергөө иштерине жана сот чечимдерине канааттанышкан эмес.

Кыргызстандагы бардык сот инстанцияларына кайрылып, адилеттик таппаган соң БУУнун адам укуктарын коргоо комитетине кайрылууга мажбур болушту:

- БУУнун адам укугун коргоо комитетине кайрылганга чейин, Кыргызстандын бардык сот инстанцияларында Аксы окуясында жабырланган он алты адамдын кызыкчылыгын коргоп, жактоочу болуп келдим. Акыры жогорку сотто да каралып, бардыгы өзгөрүүсүз калгандан кийин БУУга кайрылууга туура келди.

Адвокаттын айтымында, 18-март күнү каза болгон Эльдияр Үмөталиев жана ошол күнү атылган октон жаракат алгандар, таяк жегендер тууралуу эч кандай иш козголгон эмес. Бул күнү болгон окуя боюнча демонстранттар менен милициянын кагылышуусуна байланышы жоктой өзүнчө бөлүнүп иш козголгон. Ошондуктан эң алгач Үмөталиев Эльдиярдын ата-энесинин арызы БУУнун адам укуктарын коргоо комитетине жөнөтүлдү:

- БУУга 17-мартта окко учкан жана жаракат алган он алты адамдын арызын жөнөтүүдөн мурун ошол Үмөталиев Эльдиярдын иши тууралуу беш бөлүктөн турган фактыларды жазып кайрылгам. Бул маселе чечилбейт, себеби мамлекет өзү өлгөн адамдын кызыкчылыгын жактабай, күнөөкөрлөрдүн кызыкчылыгын жактап жатат деп жазып кайрылгам. БУУнун адам укугун коргоо комитети бул иш боюнча да карап жаткандыгы жана учурда алар Кыргызстан бийлигине бул иш тууралуу түшүндүрмө берүүсүн өтүнүп кат жибергендиги тууралуу маалымат жиберишти.

Бирок кыргыз бийлиги Аксы окуясына байланыштуу күнөөлүүлөр жазага тартылганын дайыма ырастап келет. Бул тууралуу ИИМнин маалымат кызматынын жетекчиси Нурдин Жангараев да баса белгиледи:

- Аксы окуясына жол берген бардык милиция, прокуратура кызматкерлери жана жергиликтүү администрация жетекчилери кызматтан алынып, тиешелүү жазаларын алышкан. Ошол убакта аксылыктар өздөрү да, жалпы эл да маалымат каражаттары аркылуу соттун чечимин колдоорун билдиришкен.

Аксы трагедиясы боюнча сот иштеринин жыйынтыгына канааттанбагандыгын атуулдук коом өкүлдөрү да билдирип келишет. «Жарандык коом коррупцияга каршы» коомдук уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилованын оюнча, азыркы бийлик кетмейинче Аксы окуясынын күнөөкөрлөрү жазага тартылбайт:

- Аксы эли өзүнүн укугун жакшы билгендиги,акыйкат үчүн талыкпай күрөшө билгендиги менен башкалардан өзгөчө экендигин көрсөтө алышты. Алар эртели-кеч Аксы каргашасына күнөөлүү бийликтин адамдарын жоопко тартып, акыйкаттыкка жетишүүгө, адилеттикти орнотууга аракет жасашаарына жана ийгиликке жетишерине көзүм жетет.

2002-жылы 17-мартта милиция кызматкерлеринин огунан каза болгон Сатымбай Үркүнбаевдин уулу Айжигиттин айтымында, кыргыз бийлиги жана сот органдары тарабынан эч кандай адилеттик болгон жок:

- Аксы окуясында атылган адамдар үчүн эч ким жоопкерчиликке тартылган жок. Менин атамды атып өлтүрүшкөн, бирок бизге бийлик тарабынан эч кандай көңүл жылытарлык жооп болбоду. Тескерисинче, сыналгы жана башка маалымат каражаттары аркылуу түрдүү сөздөр менен бизди капа кылуудан башка бизге бийликтен жакшылык болгон жок.

Адвокат Сартпай
Жайчыбековдун билдирүүсү боюнча, учурда 2002-жылдын 18-март күнү жабыр тарткан адамдардын иши тууралуу да БУУнун адам укугун коргоо комитетине арыз даярдалып жатат:

- 2002-жылы 18-март күнү ок тийген адамдардын эч кимиси тергөөдөн өткөн эмес, Болгону башында арыз жазылып, бир жолу суралышкан. Ошол бойдон же токтотулганы, же жабылганы белгисиз. Ошондуктан алардын жазган арыздары бардык жерде жоопсуз калып жатат. Алардын иши боюнча да далил болуучу документтерди топтоп койдум, эми ошонун баарын БУУнун адам укугун коргоо комитетине жиберем.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG