Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:06

Расмуссен Дания өкмөтүн дагы бир мөөнөт жетектейт


Даниянын орточул оңчул премьер-министри Андрес Фогх Расмуссен экинчи мөөнөткө бийликте калат. Шейшемби күнү өткөн жалпы элдик шайлоонун алдын ала жыйынтыгына караганда, Расмуссен башындагы Либерал-консервативдик партия жана анын союздаштары үчүн шайлоочулардын 58 проценти, ал эми орточул солчул Социал-демократтык партияны 42 проценти колдогон.
Добуш берүүгө 5 миллион шайлоочунун 4 миллиону катышты.
Расмуссен башындагы блок иммиграцияны жана качкындарды контролдоону, салыкты кыскартууну өзүнүн негизги максаты көрөт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG