Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:14

НАТО кырк жылдан кийин кайрадан Францияда


Бүгүн Франциянын Нице шаарында НАТОго мүчө 26 өлкөнүн коргоо министрлеринин жыйыны ачылат. Эки күндүк жыйында АКШнын коргоо министри Д. Рамсфельд европалык союздаштарды Ирак согушунан чыккан жиктешүүнү унутуп, ирактык жоокерлерди машыктырууга көбүрөөк аскер берүүнү жана Ооганстандагы тынчтык операциясына кеңейтүүнү сурайт деп күтүлүүдө.
НАТОнун министрлери Ооганстанга италиялык, испаниялык, литвалык, ошондой эле АКШлык аскерлерди жөнөтүүгө ынанууга жакын экени кабарланды.
Ницадагы саммит 40 жылдай мурда президент Шарл де Голь өлкөнү НАТОдон чыгарып алгандан бери француз жеринде өтүп жаткан биринчи жыйын.

XS
SM
MD
LG