Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:20

Израил жана Палестина лидерлеринин жакшы ыкласы


Израилдин премьер-министри Ариел Шарон жана Палестин автономиясынын президенти Махмуд Аббас эки жак төрт жылдан ашуун убактан берки калайманды токтотолу деп макулдашылганын жарыя кылышты.
Мисирдин Шарм аш-Шейх курортунда өткөн саммиттен кийин Ариель Шарон мындай билдирүү жасады:

-Биз төрага Аббас менен болгон кездешүүдө палестиналыктар израилдиктерге каршы ар кандай зобундуктарды токтотот, ошол эле учурда, Израил палестиналыктарга каршы бардык аскерий операцияларын бас кылат деп макулдаштык. Бүгүндөн тартып үмүттүн жана тынчтыктын жаңы доору башталат деген тилектебиз.

Эл аралык коомчулук Жакынкы Чыгыштагы канабайрамдын токтотулушун колдошту. АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү Адам Эрели Шарон менен Аббастын “батылдыгын” жогору баалап, Вашингтон эки жактын аракетине жардамдаша берет деп билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG