Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:49

КЫТАЙ ЭЛИ ЖАҢЫ ЖЫЛДЫ БЕЛГИЛӨӨДӨ


Бул күндөрү кытай калкы Ай жылнаамасы боюнча Жаңы жылды, кытайча Чуньцзе же Жаз майрамын белгилеп жатат. Кытайда Ай жылнаамасы боюнча Маймыл жылы аяктап, Короз жылынын башталышы 8-февралдан 9на караган түнгө туура келди. Ал эми бир аптага созулуучу майрамдык чоң салтанаттар шейшембиде башталган. Өлкөнүн бир миллиард үч жүз миллион тургунунун дээрлик баары азыр бир апталык эс алууда. Майрам күндөрү миллиондогон кытайлардын өз кичи мекендерине каттоосу Жердеги эң ири кыймыл катары эсептелет. Кытайлык астрологдордун айтымында, жаңы башталган Короз жылы ишкерлик үчүн ийгиликтүү, ал эми үй-бүлө куруу үчүн жакшы эмес.

Ай жылнамаасы боюнча Жаңы жыл - кытайлыктардын эң ири майрамы. Кытайлыктар да Жаңы жылды тосууда үй-бүлөсү менен майрамдык үстөлдүн айланасына чогулат. Майрамдык үстөлгө башкы тамак катары сөссүз пельмен даярдалат. Салт боюнча майрам алдында алар турак –жайын толук тазалап, бирок топтолгон таштанды кокус ырыскыны ыргытып албайлык деген кыязда үй бурчунда калтырылат экен.

Адатта майрамдык салтанат оюн-зоок, ыр-бий, гүлбактарда, храмдарда уюштурулган жармаңкелер менен коштолот. Башкалаа Пекиндин "Дитань" гүл багында, кооз салтанатты көрүп, майрамдык тамак аштан ооз тийип, тыйын ыргытылуучу оюнга чогулган миңдеген кытайлыктардын арасындагы студенттердин бири Шиши Кин мындай дейт:

- Бул Жаңы жылда кандай ийгиликке ээ болоруң жөнүндөгү оюн. Эгер сиз тыйынды так ортого таштай алсаңыз, бул сиз үчүн Жаңы жыл өтө жагымдуу болорунун белгиси. Сиздин окууңуз, ишиңиз жакшы жүрөт, байыйсыз.

Жаңы жылга байланыштуу Пекиндеги храмдарга келип жаткан миңдеген кытайлыктардын арасындагы жаштардын бири Ли болсо “Рейтер” агенттигинин кабарчысына буларды айтты:

- Эгер сиз динге ишенсеңиз, эгер сиз бул жерге чын-ниетиңизден сыйынуу үчүн келсеңиз, анда адатта сиз мындан бир нерсе таба аласыз. Өзүңүздү Кудайга тапшырып, кырсыкка, ооруу-сыркоого кабылбайын деп сыйынышыңыз керек. Бул натыйжа берет.

Кытайдын Ай жылнамаасы да жылдардын атын атоо үчүн 12 жаныбардын ысымын камтыйт жана ошол жаныбарлардын жеке кулк - мүнөзү ал жыл кандай экенинин белгиси. Кытайлыктардын пикиринде, Короз жылы жакындарга мамиле жасоодо чыдамкайлык, токтоолук керек. Себеби маанисиз эле талаш ири жамандыктарды алып келиши мүмкүн. Короз жаныбар ирээтинде мактанчаак жана бир эле учурда эмгекти сүйөт деп эсептелгендиктен астрологдор Жаңы жылда бирде жакшылык , бирде жамандык орун аларын айтышат. Чин - малазиялык кытай астрологу:

- Короз жылы дүйнөлүк окуялар үчүн көп жакшы эмес. Быйыл жамгыр көп болот, бороон-чапкындар уланат. Алгачкы алты ай оорураак болот, андан кийин жакшырат.

Кытай астрологдорунун көз карашында, Короз жылы турмуш куруп, баш кошобуз дегендер үчүн да жакшы эмес. Андыктан аяктаган Маймыл жылынын соңку күндөрү Кытайда, Тайванда, Гонконгдо, Сингапурда үй –бүлө куруп калууга ашыккандар көп болду. Төрөт үйлөрүндө да көптөгөн энелер наристелери Маймыл жылы ичинде жарык дүйнөгө келүүсүн көздөшүп, кээ бирлери алтурсун дарыгерлерден жасалма жол менен төрөтүүнү талап кылышкан.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG