Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:48

«Перспектива» консорциуму мыйзам бузууларга барууда


БИШКЕК. Бишкектеги «Перспектива» аналитикалык консорциуму өз ишмердүүлүгүндө өлкөнүн Шайлоо Кодексинин нормаларын бузууда. Мындай билдирүүнү 9-январда «Демократия жана атуулдук коом үчүн» коалициясы Борбордук Шайлоо комиссиясынын мүчөсү, шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүнү көзөмөлдөө боюнча комиссиясынын жетекчиси Туйгуналы Абдраимовго жолдоду. «Перспектива» аналитикалык консорциуму «Кыргызинфо» маалымат агенттигинин интернет-баракчасында 27-февралда өтө турган парламенттик шайлоонун божомолдуу жыйынтыктарын жарыялады. Ал эми Шайлоо Кодексине ылайык, Жогорку Кеңешке талапкерлер каттоодон өткөндөн кийин массалык маалымат каражаттарында шайлоонун божомолдуу жыйынтыктары, талапкерлер жөнүндө сурамжылоолордун жана шайлоого байланыштуу башка иликтөөлөрдүн жыйынтыктарын жарыялоого жол берилбейт.

XS
SM
MD
LG